Дүйшөмбү, Май 20, 2024
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Г.К.Осмоналиева. Кыргыз тилин көп тилдүү чөйрөдө окутууда тил билүү денгээлдери боюнча лексикалык минимумдун мааниси

osmГ.К.Осмоналиева

Ж.Баласагын атындагы КУУнун факультеттер аралык мамлекеттик тил кафедрасынын башчысы, профессор 

Бул макала  “КР мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамдын 30-жылдык мааракесине арналат жана акыркы мезгилдеги кыргыз тилин окутуудагы   европалык стандарттарга негизделген  ыкмалар, талаптар   тууралуу. Мамлекеттик тилди  өнүктүрүү жана баалоо системасын аныктоо  боюнча зарылдыгы жана тилди үйрөнүүгө негизги практикалык шарт  катары – лексикалык минимум  тууралуу кеп болууда.

Кыргыз тилин көп тилдүү чөйрөдө окутууда тил билүү денгээлдери боюнча лексикалык минимумдун мааниси

Азыркы мезгилде  ааламдашуу процессине карата – дүйнөдө болуп жаткан саясий, маданий, экономикалык жана коомдук-социалдык глобалдуу ар кыл озгөрүүлөр билим берүү системасына кирип,  терең таасир  тийгизүүдө. КРдин билим берүү тармактарында “Болон” системасына толук өтүү жана Европалык стандарттарга жооп бере турган программалар, долбоорлор жана ар кандай расмий документтер  иштелип чыкты.

Андыктан мамлекеттик тил жаатында да өзөктүү өзгөрүүлөр, реформалар болууда. 2019-жылдан баштап Кыргызстандын  айкматарында  ортоңку билимге ээ болгон окуучулар Кыргызтест сертификатын алып,  ЖОЖдорго В1 денгээли менен  келе баштады. Ал эми жогорку окуу жайларда – 1 курска келген студенттерге В2 денгээлдеги окуу программасы менен  окутуу абзел.

КРдин мамлекеттик тилди жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча 2014-2020 жылдарга карата Улуттук программа иштелип чыккан жана Кыргыз республикасынын  ар бир жараны бала бакчадан, мектептен баштап,  ЖОЖдорго чейин, Европалык стандарттарга жооп берген, тил билүү денгээлдери боюнча тилди үйрөнүп, тил каражаттар системасын түшүнүү  зарыл.

Тил каражаттар  системасында –лексика эң негизги, керектүү тил үйрөтүүдөгү  компонеттин бири болуп эсептелет жана угуу (адирование) сүйлөө (говорение), окуу (чтение), жазуу (письмо) багытында  речти өркүндөтүүдө негизги элементтердин бири болуп эсептелет.Тилди  мыкты өздөштүрүү үчүн тилди үйрөнүү гана максатты көздөбөстөн, аны өнүктүрүү жана баалоо системасын аныктоо зарыл. Биздин өлкөдө мамлекеттик тилди билүү денгээлин аныктоо максатында “Кыргызтест”системасы  иштелип  жайылтууда.

Аталган Кыргызтест системасы тилди үйрөтүү эл аралык тажрыйбаларга таянып,  тилди билгиси келгендердин, студенттердин негизги коммуникативдик компетенцияларын өркүндөтүүгөжана баалого көздөлөт. Аталган  система Кыргыз республикасындагы жарандардын, башка улуттагы элдердин жана чет өлкөлүктөрдүн кыргыз тилин билүү денгээлин жана башка тилди колдонуу компетенттүүлүгүн аныктайт.

Аталган системанын методикалык базасы КРдин мамлекеттик  системысынын мамлекеттик стандарттарына таянып тузүлгөн жана кыргыз тилин билүү үчүн  коммуникативдик компетенцияларды талап кылууда.

Тилди үйрөнүүгө негизги практикалык шарт  катары – лексикалык минимум болуп эсептелет. Албетте, лексикалык минимумду тузүү - активдүү жана пассивдүү сөздүктүн түзүлүшүнө, сөздүктүн фондуна жана сөз байлыгын өсүшүнө себепкер болууда.

Көп жылдар бою кыргыз тилинин окутуучулары  кыргыз тилин формалдык грамматиканы үйрөнүү түрүндө гана берип келген болчу, тил үйрөнүчүлөр көбүнчө эрежелерди жаттап, бирок сүйлөө речин, сөз байлыгын өнүктүрө  албай келгени барыбызга белгилүү.  Ал эми  жалпысынын жакын арадан гана баштап, азыркы мезгилге чейин Кыргыз республикасынын мектептеринде жана ЖОЖдордо кыргыз тилинин грамматикасына басым кылбастан, анын лексикалык каражаттарына, лексикалык минимумга жана  студенттердин сүйлө речине коңүл бурууга талап коюла баштады.

Кыргыз республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин жалпы билим берүү стандартында :  кыргыз тили жана орус тили боюнча орточо ар бир студент 4000сөзгө чейин билиши  зарыл деп жазылган. Көп жыл бою, азыркы мезгилге чейин окутуучулар балдарды  - баштооч, ортоңку жана улантуучу топторго бөлүп окутуп келе жатышат.   

Бирок  мезгилдин шартына байланыштуу - ЖОЖдордо, өзгөчө КУУда, БГУда, “Манас” кыргыз-түрк  ж.б. КРдин университеттеринде  орус жана башка улуттар аз болгондугуна байланыштуу, баштооч, ортоңку топтор жокко эсе. Ал эми айрым топтордо бирин-серин 2-4кө чейин башка улуттардагы студенттер  окушат, логика боюнча жана группалардын саны 12-15ке чейин болгондугуна байланыштуу – сабакта башка улуттардан турган көп тилдүү чөйрө пайда болууда.  Жана КРдин  Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана өркүндөтүү боюнча 2014-2020-жылынын Улуттук  программанын жана  КЫРГЫЗТЕСТ тарабынан мамлекеттик тилди билүү денгээлине коюлган  талаптардын негизинде, кыргыз тили  боюнча - сөздөрдүн жана сөз айкаштардын минималдык жыштыгы сунушталып, ар бир тил билүү денгээлдери   көп тилдүү чөйрөгө багытталып киргизилүүдө.

Алар: А1 элементардык; А2 базалык; В1 ортоңку; В2 ортодон жогору; С1 жогору деген денгээлдерди түзөт. Аталган  минимум – кыргыз тилин өз алдынча үйрөнүүгө сунушталган жана тил билүү денгээлин аныктоого багытталган. Сунушталган минимум – дүйнөлүк жана Европалык стандарттарына, тил  билүү денгээлдер шкаласына  жана принциптерине негизделип түзүлгөн.

Андан тышкары, европалык  чет тилдерди үйрөтүү стандарттарына негизделип,  Кыргыз республикасынын коомдук-социалдык өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен түзүлгөн.

*Элементардык А1 денгээлде 900сөз бирдигин жана негизги этикеттик сөз айкаштарын билүү зарыл жана бул денгээлдге төмөнкүдөй тилдик жана кептик  көндүмдөр ишке ашырылат:

  • лексиканы жана грамматиканы колдоно билүү;
  • чакан көлөмдөгү текстти же  билдирүүнү окуп, жалпы маанисин түшүнө билүү;
  • чакан көлөмдөгү  так жана жай айтылган же окулган аудиотексттин же билдирүүнүн жалпы маанисин түшүнө билүү;
  • кыргыз тилинин адабий ченемдерин сактоо менен өзүнүн оюн оозеки жана жазуу түрүндө билдире алуу.

*Базалык: А2 денгээлде  1300 активдүү сөз бирдиги жана негизги этикеттик сөз айкаштарын камтыган лексикалык минимум болуш керек:

  • лексиканы жана грамматиканы колдоно билүү;
  • чакан көлөмдөгү  айтылган же окулган аудиотексттин же билдирүүнүн жалпы маанисин түшүнө билүү;
  • кыргыз тилинин адабий ченемдерин сактоо менен өзүнүн оюн оозеки жана жазуу түрүндө билдире алуу;

*Орто: В1 денгээлде  студенттер жана жалпы тил уйронүүчүлөр 3000активдүү сөз бирдигин жана негизги этикеттик сөз айкаштарын камтыйт:

  • лексиканы жана грамматиканы колдоно билүү;
  • ушул деңгээлге  ылайык келген текстти же билдирүүокуп, негизги мааниси түшүнө билүү;
  • чакан көлөмдө так жана жай айтылган же окулган аудиотексттин же билдирүүнүн негизги маанисин түшүнө билүү;
  • кыргыз тилинин адабий ченемдерин сактоо менен өзүнүн оюн расмий жана расмий эмес стилде оозеки жана жазуу түрүндө билдире алуу.

Ортодон жогору: В2 дээңгелге жараша төмөнкүдөй тилдик жана кептик көндүмдөришке ашырылат:

  • лексиканы жана грамматиканы колдоно билүү;
  • түрдүү жанрдагы текстти же билдирүүнү окуп, негизги жана көмүскөдө берилген (имплициттик) маалыматты түшүнө билүү;
  • чакан көлөмдө айтылган же окулган аудиотексттин негизги маанисин түшүнө билүү;
  • кыргыз тилинин адабий ченемдерин сактоо менен өзүнүн оюн расмий стилде оозеки жана жазуу түрүндө билдире алуу.

Ортодон жогоруу дэңгээлде сүйлөгөн адамдын өзүнүн иш чөйрөсүнө жана кырдаалга жараша таасир этүүчү мүнөздөгү кайрылуулар.

Ортодон жогору денгээл В2 – 6000 активдүү сөз бирдигин жана этикеттик сөз айкаштарын камтыйт.

Ал эми жогорку: С1 деңгээл 9000 активдүү сөз бирдигин жана этикеттик сөз айкаштарын камтып, жогорку денгээлге жараша төмөнкүдөй тилдик жана кептик  көндүмдөрдү камтыйт:

  • лексиканы жана грамматиканы колдоно билүү;
  • түрдүү жанрдагы колөмдүү текстти окуп, негизги жана комүскөдө берилген  (имплициддик) маалыматты түшүнө билүү;
  • табигый ылдамдыкта айтылган оозеки кепти түшүнө билүү;
  • кыргыз тилинин адабий ченемдерин сактоо менен өзүнүн оюн расмий жана расмий эмес оозеки жана жазуу түрүндө билдире алуу.

Жогорку денгээлде суйлөгөн адам өзүнүн иш чөйрөсүнө жана кырдаалга жараша, оозеки же жазуу жүзүндө таасир  этүүчү мүнөздөгү кайрылуулар менен эл алдында даярдыгы жок суйлөй билүүсү ишке ашырылат. Демек, ЖОЖдордун окутуучулары мамлекеттик тил боюнча европалык шкала принциптерине таянып  тил үйрөтүүдө Кыргыз тест системасынын жөнөкөйдөн - жогорку денгээлге чейин тил билүү системасын колдонуп, ар бир топту көп тилдүү чөйрөдө (полиязычная среда) окутуу принциптерине  таяныш керек.

Албетте денгээлдер боюнча окутууда – лексикалык минимудардын түзүлүшүнө жана активдүү сөздүктү системалоого кылдаат көнүл буруп,  жазуу жана кеп речин анализдөө зарыл. Буга байланыштуу – тил үйрөнүп жаткан жарандар, студенттер, кайсы денгээлде үйрөнбөсүн, эң негизгиси –

1) коммуникативдик принциптерге ээ болуп, тилдик каражаттарды туура колдонушу зарыл;

2) алар логикалык ой жүгүртүп, сөздөрдү, сөз айкаштарды группаларга бириктирипү, тема жана тематика боюнча бөлүшү абзел;

3) тилди үйрөнүп жаткандар, ар- бир тилдик караржаттарды түшүнүп,  туура колдонууга мүмкүнчүлүгүн жумшаш керек.

4) Өздөрүнүн оюн – так жана кысылбастан билдириш керек.

Жыйынтыктап айтканда  көп тилдүү чөйрөдө тилди үйрөтүүдөгү эң негизги принциптер болуп: системалык үйрөтүү, жөнөкөйдөн жогору окутуу, коммуникативдик билим берүү жана натыйжалык принциптери эсептелет.

Ал эми лексикалык минимумдардын түзүлүшү жана денгээлдер  боюнча лексикалык сөздүктөрдүн топтому –  көп тилдүү чөйрөдөгү тил үйрөнүп жаткандарга ар бир денгээлдин чегинде – канча сөздү, сөз айкаштарды жана сүйлөмдөрдү  билип, сүйлө речинде колдоно билүүсүн аныктайт. Андан тышкары, ар бир денгээлден – эң жогорку С1 денгээлге карай өтүшүнө убакыт   берет жана көп тилдүү чөйрөдө коммуникативдик негизде тилди системалык жагдайда  үйрөнү үчүн ыңгайлуу шарт түзөт.

Колдонулган адабияттар:

1. Абдувалиев И., ж.б. Азыркы кыргыз тили. Б.1997.

2. Дабаев К.Д. Обучение кыргызскому языку в русско-язычной школе. Б.2000

3. Топоева-Ставицкая Б.Б. Мамлекеттик тилди билүү денгээлине коюлган талаптар, Б.2017.

4. Осмоналиева Г.К. Кыргызский язык, методические указания для студентов нефилологических факультетов. Б.2007.

5. Осмоналиева Г.К. Кыргыз тили боюнча тесттердин жыйнагы.  Ж.Баласагын атындагы КУУ, Б.2017.

6. КРдин 2014-2020 жылдын мамлекеттик тилди өркүндөтүү жана өнүктүрүү  боюнча улуттук программасы.

7. Чыманов Ж.А. Тил жана кеп жөнүндө сөз. Б.2005.

8. Кыргыз тили –Wikipedia

9. КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын, 21-ноябрындагы № 757 токтому.

10. www.kygyztest.gov.kg