Жекшемби, Май 19, 2024
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Окумуштуулар кеңешинин 12.09.2019 отуруму

002019-жылдын 12-сентябрь күнү башкы имараттагы санариптик технологиялар борборунда Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Аталган органдын төрагасы, КУУнун ректору Канат Садыков алып барган жыйында Окумуштуулар кеңешинин 2019/2020-окуу жылына иш планы бекитилип, М.Акмулла атындагы Башкыр мамлекеттик педагогикалык университетинин ректору Сагитов Салават Талгатовичке "КУУнун ардактуу профессору" наамын ыйгаруу жөнүндө чечим кабыл алынды.

Жыйындын башында Канат Садыков Окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрүн жаңы окуу жылынын башталышы менен кызуу куттуктап,  аларга чың ден соолук, ийгилик, ынтымак жана жаңы жетишкендиктерди каалады. Андан ары КУУнун ректору абитуриенттерди кабыл алуунун жыйынтыктары, жай мезгилинде аткарылган ремонт иштери, жаңы ачылга турган медицина факультети, өнөктөштөр менен аткарылган жумуштар, айлык акыны көтөрүү, өлкөнүн премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин билим берүү жана илим министрлигинде жаңы министр Каныбек Исаковду тааныштыруу аземи тууралуу кенен маалымат берип, жаңы окуу жылында факультет декандары студенттер менен, айрыкча 1-курс студенттери менен иштөөнү активдештирип, алардын суроо-талаптарын канааттандырууга өзгөчө көнүл бурушу керектигин баса белгиледи. 

Жыйындын жүрүшүндө Окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрү күн тартибиндеги эки маселе боюнча билдирүүлөрдү угуп, тиешелүү чечимдерди кабыл алышты.

02

04

05

06

08

12

18

20

22

24

26

90

press knu 2019 00