Дүйшөмбү, Май 20, 2024
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Окумуштуулар кеңешинин 28.05.2019 отуруму

00

2019-жылдын 28-май күнү башкы имараттагы "Кантөрө Шарипович Токтомаматов атындагы инновациялык санариптик технологиялык борбордо" Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Аталган органдын төрагасы, КУУнун ректору Канат Садыков алып барган жыйында чет тилдер, педагогика, башкаруу жана бизнес факультеттеринин декандарынын отчеттору угулуп, Улуттук университеттин күнүнө карата кызматкерлерди сыйлоо, айрым инсандарга "КУУнун ардактуу профессору" наамын ыйгаруу, тарифтик саясат, о.э. математика жана информатика факультетинин деканын шайлоону өткөрүү маселелери каралды. 

Жыйындын башында КУУнун ректору Канат Садыков кириш сөз сүйлөп, отурум өтүп жаткан залдын мааниси, мүмкүнчүлүктөрү жана жай айларында аткарыла турган иштер тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, жай мезгилине пландалган иш чаралар ушул жерде өткөрүлүп, чоң жыйындар залында болсо жаңы форматтагы оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт.

video logo 20   Ректор Канат Садыковдун кириш сөзү

Окуу, окуу-методикалык, илимий-методикалык, илимий-уюштуруучулук жана тарбиялык багыттарда жасалып жаткан иштер боюнча чет тилдер факультетинин деканы Памира Кадырбекова, педагогика факультетинин деканы Рахат Сулайманова, башкаруу жана бизнес факультетинин деканы Меримкүл Керимкулова отчет беришти.

Улуттук университеттин күнүнө карата КУУнун кызматкерлерин сыйлоо боюнча мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Алахан (Тиллебаев) маалымат берди. 

Аспирантура жана докторантура бөлүмүнүн штаттык бирдиктерин оптималдаштыруу боюнча илимий иштер боюнча проректор Асылбек Чекеев билдирүү жасады.

Улуттук университеттин тарифтик саясаты тууралуу пландоо-каржы бөлүмүнүн начальниги Гүлназ Мысакулова айтып берди.

Математика жана информатика факультетинин деканын шайлоону өткөрүү боюнча уюштуруу комитетин түзүү тууралуу окуу иштери боюнча проректор Бекжан Темиров чыгып сүйлөдү.

01

02

04

06

10

12

16

20

22

24

26

28

32

34

press knu 2019 00