Дүйшөмбү, Май 20, 2024
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Г.К.Осмоналиева. Факультеттер аралык мамлекеттик тил кафедрасынын көйгөйлөрү жана келечектеги өнүгүү стратегиясы

Г.К.Осмоналиева -

факультеттер аралык мамлекеттик тил кафедрасынын башчысы, ф.и.к., профессор

Факультеттер аралык мамлекеттик тил кафедрасынын  көйгөйлөрү жана кафедранын келечектеги  өнүгүү стратегиясы

Жусуп Баласагын атындагы КУУнун факультеттер аралык мамлекеттик тил кафедрасы 2017-жылы кайра түзүлгөн. Азыркы учурда аталган кафедрага негизинен КУУнун жалпы 16 факультеттеринде кыргыз тили дисциплинасы боюнча практикалык сабактарын  берген профессор-окутуучулар эмгектенүүдө.

Кафедранын негизги максаты - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил мыйзамын жана КРдин Президентинин “Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча” 2013-жылдын 1-июлунда бекитилген, №155 Жарлыгын жана Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн, тил саясатын өркүндөтүүнүн Улуттук программасын жана мамлекетибиздин туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын биздин университетте ишке ашыруу. Аталган Улуттук программанын негизги максаты - тилдерди окутууда эл аралык стандарттарды, технологияларды киргизүү, колдоону жана өркүндөтүү:

Коюлган максатка жетүү үчүн төмөнкү  талаптарды аткаруу зарыл:

  • Кыргыз тилин эне тил катары, экинчи тил катары жана чет тили катары окутуп-үйрөтүүнүн концепциясын ишке ашыруу;
  • Жаңы муундагы окуу комплекстерин  ар бир багыт боюнча даярдап колдонуу;
  • Мамлекеттик, расмий тилдерди, ошондой эле Кыргызстанда жашаган этностордун тилдерин окутуу үчүн интернет ресурстарын, мобилдик колдонмолорду кеңири колдонуп, студенттер арасында жайылтуу;
  • Тил билүүнүн деңгээлдеринин эл аралык шкаласына (А; A1, A2, B; B1, B2, C) ылайык мамлекеттик тилди билүү деңгээлин тестирлөөнүн “Кыргызтест” системасын иштеп чыгуу жана мамлекеттик сынакка  киргизүү.

Биздин кафедранын негизги ишмердүүлүгү - КУУнун студенттерине мамлекеттик тилди комплекстүү түрдө окутуу жана келечекте мамлекеттик тилди өздөштүргөн мыкты адистерди даярдоо болуп  эсептелет. Кафедранын ишмердүүлүгү негизги үч багытта уюштурулат:

1. Кыргыз тили – чет тил катары: орус жана башка улуттагы  жакынкы өлкөлөрдөн келген КМШнын студенттери үчүн  (элементардык жана базалык  денгээлдеги топ – А1-А2).

2. Кыргыз тилин түшүнүп билген, бирок орус мектепти аяктаган кыргыз балдар үчүн (В1 ортоңку топ);

3. Кыргыз тилинин практикалык курсу – кыргыз мектепти аяктаган студенттер үчүн ( ортодон жогорку курс -  В2);

Кафедранын негизги максаты – студенттерди коомдук-социалдык чөйрөдө кыргыз тилинде эркин сүйлөөгө үйрөтүү жана келечекте өз адистиги боюнча мамлекеттик тилди кеңири пайдаланып, иш кагаздарды сабаттуу жаза билүү, мамлекеттик тилде эркин окуп, жаза билүү.

Албетте, ар бир окуу түзүмдөрүндөгүдөй эле аталган кафедранын ишмердүүлүгүндө да көйгөйлөр жана кемчиликтиктер бар. Алардын эң негизгилери:

1

Илимий-изилдө

ишмердүүлүгүндө:

илимий наамы жана даражасы бар адистер  аз, 2019-2020 окуу жылына 6 (алты) окутуучуну түзөт.

2

Кафедранын окуу-методикалык абалы:

2019-2020 окуу жылына Жумушчу программалар жана ОМК-лар бүт факультеттерге түзүлө элек, бирок бул багыттагы иш жолго коюлуп, иш алга жылып жатат.

Сабакты берүүдө функционалдык грамматиканын принциптери колдонулбайт;

Адистик багыттагы лексикалык минимумдар, тексттер, тесттер ар бир факультетке иштелип чыккан эмес жана кафедранын электрондук базасында да жок;

Окутуучулар сабактарды көбүнчө эски методдор менен (пассивдүү метод) өтүп көнүп калган (окутуучу суроо берет → студент жооп берет же  чыгып тактага окутуучу айтканды жазат);

Негизинен  окутуучулар сабак учурунда интерактивдүү технологияларды өз сабактарында колдонбойт жана окутуу ыкмалары бир типтүү жана сабактар жандуу эмес.

3

Кафедрадагы кадрлардын  деңгээлин  жана квалификациясын жогорулатуу маселеси, коомдук жана тарбия иштери

Окутуучулардын сабактары көбүнчө (активдүү) практикалык, түрдө болгондугуна байланыштуу, квалификациясын жогорулатууга жана коомдук иштерге жигердүү катышууга убактысы жетишпейт.

4

Профессор-окутуучулардын жумуш ордундагы тартиби

Окутуучулар жумуш ордунда жалпы тартип эрежелерин сактап, КУУнун этика  боюнча комиссиянын талаптарын билиши зарыл;

Ар дайым өз предмети боюнча системалык түрдө даярдык көрүшү керек;

Сабактарды убагында  өтүп, кечикпей, ар бир сабакка даярданып келүүсү абзел;

Албетте, аталып кеткен кемчиликтер өтө орчундуу, анткени азыркы мезгилде мамлекеттик тилге КРдин Өкмөтү, КРдин Президенттин алдындагы Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы, ошондой эле Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан коюлган талаптар өтө күчтүү. Ошондуктан кафедранын ишмердүүлүгүн жаңы, Болон системасына жооп берген, заманбап багытта алып баруу үчүн жана азыркы мезгилдеги ааламдашуу процессине шайкеш окуу-методикалык, илимий-изилдөө жана коомдук иштерди өркүндөтүү максатында кафедранын жамааты негизги үч пункттан турган багыттарды ишке ашыруусу  зарыл:

  • Кафедранын окуу-методикалык жана уюштуруучулук ишмердүүлүгү;
  • Кафедранын илимий-изилдөө ишмердүүлүгү;
  • Профессор-окутуучулар жамаатынын квалификациясын жогорулатуу.

1. Кафедранын окуу-методикалык жана уюштуруучулук ишмердүүлүгү жаатында:

Жакынкы арада: окуу-методикалык куралдарды, тексттердин, көнүгүүлөрдүн жыйнактарын, лексикалык минимумдардын сөздүгүн, студенттердин билимин ачык баалоо үчүн TOEFL системасына окшош тесттерди түзүү; SILLABUSтарды мамлекеттик тилде төмөнкү негизги багыттар боюнча:

  • Гуманитардык
  • Экономикалык
  • Табигый жана так илимдер үчүн (ж.б ) даярдап чыгуу зарыл.

Окуу процессине жана кафедрадагы окутуучулардын ишмердүүлүгүнө интерактивдүү, сынчыл ой жүгүртүү, заманбап технологияларды колдонуу боюнча ыкмаларын киргизүү (тегерек стол, кейс стади, ролдук оюндар, презентациялар, жупта окуу, дублердун күнү ж.б.) керек;

Андан тышкары, жогорку айтылган аспектилер боюнча жакынкы арада окуу-методикалык куралдарды, иштелмелерди:

а) Кыргыз тилин чет тил катары;

б) Кыргыз тилин экинчи тил катары;

в) Кыргыз тилин  адистик тил катары өздөштүрүп даярдоо;

г) Адистешкен кыргыз тили боюнча жана жаңы кирип жаткан адабият курсу боюнча электрондук китептерди, лексикалык жана терминдердин сөздүктөрүн даярдоо;

Студенттердин өз алдынча иштери боюнча окуу-методикалык комплексин даярдоо;

Кафедранын материалдык-техникалык базасын жаңыртуу жана окуу куралдарды, китептерди басып чыгаруу;

Окутуунун сапатын текшерүү боюнча стандарттардын критерийлерин аныктап бекитүү (текшерүү иши, чыгармачыл иш, эссе, өтүм, сынак);

Дистанттык билим берүү формасы өнүгүп жатканына байланыштуу, төмөнкү иш-чараларды аткаруу:

- дистанттык билим берүү боюнча материалдардын топтомун КУУнун электрондук сайтына киргизип, системалык түрдө жаңылап туруу;

- ар бир факультетте мамлекеттик тил кабинетин ачуу;

2) Кафедранын илимий-изилдөө ишмердүүлүгү:

- Кафедранын профессордук-окутуучулук жамаатынын акыркы мезгилдеги жазып жаткан илимий иштерине, темасына, тематикасына, актуалдуулугуна, илимий-практикалык пайдасына, мазмунуна көңүл буруп, талкуулап, кафедранын максатына багыттоо;

- Жакынкы арада кафедранын базасында мамлекеттик тилди окутуу ыкмаларын өнүктүрүү боюнча илимий-изилдөө лабораториясын түзүү;

- Кафедранын илимий базасын жана окутуучулардын илимий деңгээлин жогорулатуу үчүн ар бир окутуучу окуу процесси менен гана алек болбостон, илимий-изилдөө жана илимий-методикалык  иштерге кызыгып, демилгелүү, жигердүү болушу зарыл. 

3) Профессордук-окутуучулук жамааттын квалификациясын  жогорулатуу:

- Мамлекеттик тил кафедрасынын негизинде системалык түрдө окуу-методикалык семинарларды ар түрдүү багыттар боюнча цикл менен уюштуруп өткөрүү жана ЖОЖдордун, илимий мекемелердин профили боюнча алдыңкы адистерин семинар-тренингдерге чакырып тажрыйба алмашуу;

- Жаш окутуучулар үчүн системалык түрдө мастер-класстарды, окууларды жана тренингдерди уюштуруу;

- Башка ЖОЖдордун мамлекеттик тил кафедралары менен тыгыз байланышта болуп, заманбап технологиялар менен тажрыйба алмашуу;

- Кафедранын ишин алдыга жылдыруу максатында КУУнун жана Республикалык масштабда уюштурулган мамлекеттик тил боюнча долбоорлорго катышуу;

- Мамлекеттик тилди окутуунун сапатын аныктоо боюнча критерийлерди иштеп чыгуу жана анын  негизинде мониторинг өткөрүү.

Мамлекеттик тил кафедрасынын өзөктүү максаты:

Студенттерди мамлекеттик тилге арналган иш-чараларга жана изилдөөлөргө кызыктыруу (олимпиадалар, илимий-изилдөө долбоорлор).

Кафедранын бүгүнкү абалы жана ишмердүүлүгү:

Кафедранын бүгүнкү абалы жана ишмердүүлүгү боюнча белгилеп кетүүчү нерсе, 2018-жылдан баштап кафедранын окутуучулары кесиптик кыргыз тилин өнүктүрүп, ар бир факультетке кесиптик сөздүктөрдү, тексттерди жана тесттерди даярдап иштеп жатышат;

Мындан сырткары, азыркы учурда Башкаруу жана бизнес; География; Журналистика; Юридикалык; Биология; Химия жана Чет тилдери факультеттерине  адистик боюнча окуу материалдары даяр. Ошондой эле айрым окутуучулар деңгээлдер боюнча жумушчу программаларды, SILLABUSтарды, окуу-методикалык комплексттерди даярдоодо. Албетте, мунун баары – заманбап талаптарга жооп берип, жаңы технологиялардын негизинде, интерактивдүү ыкмаларды камтыган окуу куралдары болушу зарыл жана келечекте коюлган максаттарыбыз ишке ашат деп ишенебиз.