Дүйшөмбү, Май 20, 2024
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Нур–Султан кыргызстандык окумуштуу-юристин кѳз карашында

002019-жылдын 17-майында Л.Н.Гумилёв атындагы Евразиялык улуттук университетинин юридикалык факультетинин 20-жылдыгына арналган эл аралык конференцияга мени менен кошо В.Ж.Сагыналиева жана М.Л.Темирбекованы да чакырышты. Конференциянын темасы: “Правовая система и современное государство: проблемы, тенденции и перспективы развития”.

Кызыктуу доклад. Игинбаев Алмат магистратураны Лондондо окуган, азыр *Астана эл аралык финансы борборунда* жана *Эл аралык арбитраж борборунда* эмгектенет. Англо-саксон системасы үчѳѳну камтыйт: сот, арбитраж жана медиация. Кайрылгандар сотко ишенет, ал ѳзү гана (жалгыз) чечет, аны эч ким талаша албайт! Роман-герман системасында: райондук, шаардык, областык, Жогорку жана Конституциялык соттор, жабырлагандарга  ѳтѳ  кыйын, адвокатка, сот жыйымын тѳлѳѳ оңой эмес.

Интеллектуалдык дагы бир маалымат. 2010 жылы тѳрт мамлекет – Кыргызстан, Казакстан, Азербайжан жана Туркия  *Эл аралык Түрк академиясын* түзүшкѳн. Максаты - азыркы интеграциялык процестерди жѳнгѳ салуу. Кыргызстандык профессор К.Конкобаевдин маалыматы боюнча, 4-жылда 120 китеп чыгарышкан, 20-сы Кыргызстанга арналган. Мисалы, манасчы Мергенбаев 5-том жазган (2.648 бет), кыргыз чагатай арибинде.

1. ЕУУда 19 миң студент окуйт экен, факультетте 20-илимдин доктору эмгектенет, айлыктары $ 800-1000, студенттер 1 млн. теңге тѳлѳшѳт (1$-379,50). Университеттердин мыкты мугалими, ѳтѳ айыгышкан конкурста жеңген Сауле Кожолямовага $ 16.000- грант берилген.

2. Назарбаев университетинде – 5 миң студент, $ 20.000- тѳлѳшѳт, айылдан келген таланттуулардыкы бекер. Мугалимдырдин айлыгы $ 5000 ден башталат. Докторлугун Канадада жактаган кыргыз Дуйшон Шаматов, педагогика тармагында иштейт.

3. Президенттин *Ак Ордосунун* жанында 10 кабаттан салынган, 2 км. созулган имататта 14 министрлик жайгашкан. Ошол эле жерде Парламент жана Ѳкмѳт. Ѳзунчѳ, бирок жакын эле жерде Тышкы иштер министрлиги, Коргоо министрилиги, Коосуздук комитети жана Башкы прокуратура.

4. Борбордун кѳркүн чагылдырган *Бай терек*- түбѳлүктүн символу, *Хан чатыр*, *Опера театры*, *Балет театры*, *Улуттук космос борбору*, *Улуттук кардиология борбору*(бизден кеткен башкы хирург Пя Юра).

5. Борборундагы 4 районду    чет ѳлкѳлук курулуш фирмаларына беришкен. Алар, кѳздун жоосун алган *Пекин палас*, *Абу Даби*(800-метр), *Жети челек*, *Тундук шооласы*ларды курушту. Түн бою жарык гаммасында.

6. Жолдор жана транспорт. Бизди ѳтѳ сыйлап, эки проспекти *Манас* жана *Чынгыз Айтматов* деп аташкан. Автобустары *Ивеко*(Франциядан), электрондук билет 80 теңге, акча тѳлѳсѳн 180, кондуктарга бересин. Аялдамаларга кышында жылуулук берилет, жайында салкын, чакан дүкѳндѳр бар, телевизор + *Вай фай*.

7. Айыптар. Шоопур кызыл шамдан ѳтсѳ, 3-жылга айдоо укугунан ажыратылат + 50.000 теңге тѳлѳйт, тротуарда айдаса – 34,034. Таштанды үчүн – 22, 690( 434 берене КоАП), түнкү (23 – 06) да тынчтыкты бузса – 11, 345( 437 берене КоАП). Бут жолдордо кѳзѳмѳл камералары бар, жол полициясын жол кырсыгы болгодо гана кѳрѳсуң.

8. Шаардын ар бир кѳчѳсундѳ парктар, отургучтар, балдар  учун оюн зооктор.

Жыйынтактасак, мындан ары да гүлдѳй бер Нур-Султан !  Дүйнѳдѳгү 10 эң кооз шаардын бири десек жанылбайбыз.

01

Бейшембиев Э.Ж. -

Кыргызстандын илим жана техника боюнча Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, юридика илимдеринин доктору, профессор.