Дүйшөмбү, Май 20, 2024
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Айтматов - котормо ааламында

"Сөздөр ааламды саякаттаса, котормочу алардын айдоочулары" демекчи, 2019-жылдын 10-апрелинде кыргыз филология факультетинде окутуучу Жалилова Гулжахан англис-кыргыз котормочулары менен биргеликте Манас менен Чынгызды даназалаган “Айтматов ааламы” темасында ачык сабак  өттү. Сабак англис жана кыргыз тилдеринде болуп, ага факультеттин деканы Бакытбек Жайлообаев, ”Камкордук” уюмунан ыктыярчылар жана башка факультеттин мугалимдери, студенттери күбө болушту.

Студенттер өздөрүнүн кыргызча, англисче которгон котормолорун окуп беришти. Сабактын жыйынтыгында, учурдагы англис-кыргыз котормосунун өсүп-өнүгүп келе жаткандыгын ѳзгѳчѳ баса белгилеп ѳтүштү.

Ошондой эле студенттер эмне үчүн бул кесипти тандап алгандыгын,  эне тилибизге зор салымдарын кошуу менен биргеликте мыкты котормочу болуу максатын койгондугун айтып ѳтүштү.

“Жакшы тилек-жарым ырыс” деп бекеринен айтылбаса керек. Анынсынары, жакшы максат-тилектердин орундалышына тилектешпиз.

02

04

10

Буркия Бекназарова - тарбия иштери боюнча декандын орун басары