Окумуштуулар кеңешинин 30.04.2019 отуруму
30.04.2019 19:42
Улуттук университетте медицина факультети ачылаары тууралуу Окумуштуулар кеңешинин 2019-жылдын 30-апрель күнү болуп өткөн отурумунда КУУнун ректору Канат Садыков билдирди. Анын айтымында, медициналык кадрларды даярдоодо зор тажрыйбасы бар Индиянын Бхопал шаарындагы медициналык университет болочок "кыргыз-индия медицина факультетинин" негизги өнөктөштөрүнүн бири болмокчу. - 27-апрель күнү биз аталган университеттин башкы колдоочусу, Кыргызстандагы ири инвестициялык проекттердин катышуучусу "LN Group" компаниясынын өкүлдөрү менен бул багытта кызматташуу боюнча меморандумга кол койдук, - деди Канат Садыков.
Жыйындын соңку бөлүгүндө айтылган ректордун бул билдирүүсү Окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрү тарабынан кызуу колдоого алынып, дүркүрөгөн кол чабуулар менен коштолду.
Ага чейин Окумуштуулар кеңешинин отурумунда окуу сапатын жогорулатуу максатында окуу, окуу-методикалык, тарбиялык ж.б. багыттарда жасалып жаткан иштер боюнча география, экология жана туризм факультетинин деканы Рыскүл Токторова, журналистика факультетинин деканы Айна Дүйшекеева, физика жана электроника факультетинин деканы Самат Токтогонов отчет беришти.
Келерки окуу жылына студенттерди кабыл алууну уюштуруу боюнча жасалып жаткан иштер боюнча кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Алла Имакеева баяндама жасады.
Жыйындын жүрүшүндө КУУнун окуу жана чарба иштерине байланышкан башка маселелер да каралып, тиешелүү чечимдер кабыл алынды.