Жекшемби, Май 19, 2024
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Окумуштуулар кеңешинин 10.04.2019 отуруму

00

2019-жылдын 10-апрель күнү Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму болду. Аталган органдын төрагасы, КУУнун ректору Канат Садыков алып барган жыйында математика жана информатика, маалыматтык жана инновациялык технологиялар, кыргыз-кытай факультеттеринин декандарынын отчеттору угулуп, КУУнун 2018-жылдагы финансы-чарба ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары чыгарылды. Жыйындын башында Канат Садыков КУУнун айрым окутуучуларына окумуштуулук наамдын аттестатын жана окумуштуулук даражанын дипломун тапшырды.

Окуу, окуу-методикалык, илимий-методикалык, илимий-уюштуруучулук жана тарбиялык багыттарда жасалып жаткан иштер боюнча математика жана информатика факультетинин деканынын м.а. Изат Усенов, маалыматтык жана инновациялык технологиялар факультетинин деканы Жылдызбек Какишев жана кыргыз-кытай факультетинин деканы Софья Апаева отчет беришти.

Административдик жана чарба иштери боюнча проректор Туратбек Суранаев КУУнун 2018-жылдагы финансы-чарба ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары боюнча баяндама жасады.

Күн тартибинин "Ар түрдүү" бөлүмүндө "Финансы комитетинин жобосуна өзгөртүүлөрдү киргизүү", "Билим берүү программаларын аккредитациядан өткөрүүгө даярдоо", "Контракттык негизде окуп жаткан студенттерге жеңилдик берүү", "Окутуучулардын ваканттык кызмат орундарынын мөөнөтүн аныктоо" жана "КУУнун айрым кызматкерлерин мамлекеттик сыйлыктарга көрсөтүү" сыяктуу маселелер каралды.

05

07

09

11

13

15

17

19

21

23

25

27

29

31

33

35

37

41

43

45

47

49

51

53

55

57

59

61

63

65

67

39

69

70

press knu 2019 00