Журфактын студенттери XVII Бүткүл россиялык жарнама фестивалынан олжолуу кайтышты

Журналистика факультетинин студенттери 2019-жылдын 15-20-апрель күндөрү Красноярск шаарындагы академик М.Ф.Решетнев атындагы Сибирь мамлекеттик илим жана технология университетинде (СибГУ) болуп өткөн XVII Бүткүл россиялык жарнама жана коомчулук менен байланыш фестивалынын алкагында болуп өткөн «Енисейдеги жарнама жана коомчулук менен байланыш жумалыгына» («Ярпиар-2019») катышып, жакшы ийгиликтер менен кайтышты.
Фестивалга Москва, Санкт-Петербург, Иркутск, Кемерово, Ижевск, Абакан, Новосибирск, Томск, Барнаул, Якутск ж.б. шаарларынан келген 19 студенттик команда менен катар Ж.Баласагын атындагы КУУнун «Жарнама жана коомчулук менен байланыш» кафедрасынын башчысы Б.Максутова менен доценти Р.Токсоналиева жетектеп, курамына аталган багытта окуган студенттер Олжобай уулу Амангелди (4-курс), Суванкулов Баяман (3-курс), Туманбеков Руслан (2-курс), Алиев Исмаил (2-курс), Рахимов Умаржан (2-курс) кирген «НацPRодукт» командасы да катышты.
15 апрелде СибГУнун ректорунун м.а. Эдхам Акбулатов Кыргыз улуттук университетининокутуучуларын кабыл алып, ага КУУнун ректору Канат Садыковдун каты тапшырылды.
Ушул эле күнү кыргыз делегациясын социалдык инжиринг институтунун директору Светлана Пискорская жылуу тосуп алып, жолугушууда аталган факультет менен кызматташуу талкууланды.
Фестивалдын алкагында «Жарнама жана PR: инновация жана каада-салт» аталышындагы илимий-практикалык конференция, олимпиада, социалдык тармактардагы коммуникация, компаниянын ребрендинги, кейстерди жактоо жана аймактык брендинг боюнча конкурстар болуп, Россиядагы жарнама жана PR жаатындагы белгилүү адистер мастер-класс өтүштү.
«НацPRодукт» командасы аталган фестивалда төмөндөгү ийгиликтерге жетишти:
- «Жарнама жана PR: инновация жана каада-салт» илимий-практикалык конференциясында Рахимов Умаржан II даражадагы диплом менен сыйланды;
- Сибирь компаниясын кейсин чечүү боюнча команда III даражадагы диплом менен сыйланды;
- «Мерседес-Бенцтин» расмий дилери «Ориондун» кейсин чечүү боюнча команда III даражадагы диплом менен сыйланды;
- «Ярхлеб» компаниясынын кейсин чечүү боюнча команда II даражадагы диплом менен сыйланды;
- Видеопрезентация конкурсу боюнча «НацPRодукт» командасы конкурстун жеңичүүсү катары диплом менен сыйланды.
«НацPRодукт» фестивалдын программасынын алкагындагы конкурстарга эле катышпастан, иш чаранын ачылышында жана жабылышында музыкалык номерлерди тартуулап, өз таланттарын көрсөтүштү. Мисалы, Туманбеков Руслан «Маш ботойду» комуз менен чертип берсе, Суванкулов Баяман менен Туманбеков Руслан кыргыз тилинде ыр ырдап, орусиялык студенттердин дүркүрөгөн кол чабууларына татыктуу болушту.
Красноярск шаарына болгон иш сапардын алкагында команданын жетекчилери о.э. Сибирь федералдык университетине барышып, анын Шанхай уюму жана Азия-Тынч океан аймагы менен кызматташуу борборунун директору Андрей Ужва жана эл аралык байланыштар башкармасынын сектор башчысы Михаил Лузянин менен жолугушуп, университеттин журналистика факультетинин окуу-өндүрүштүк лабораториясы менен таанышып чыгышты жана журналистика жана адабиятка киришүү кафедрасынын башчысы Кирилл Анисимов менен кызматташуу тууралуу маек курушту.
Журфактын студенттери Россиядагы жарнама фестивалында











Бегайым Максутова - «Жарнама жана коомчулук менен байланыш» кафедрасынын башчысы
КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар
- Кыргыз тил илими кафедрасынын профессору Гүлжамал Жаманкулова КУУдагы эл аралык илимий-практикалык конференцияда доклад жасады
- Кыргыз тил илими кафедрасынын профессору Гүлжамал Жаманкулова Москвада өткөн эл аралык илимий-практикалык конференцияда доклад жасады
- Жогорку мектептин педагогикасы кафедрасынын ага окутуучусу Нурбекова С.Н. ПиП(б)-1-20 группасынын студенттерине ачык сабак өттү
- КУУнун студентерине “Жаңы күч” көркөм фильми көрсөтүлдү
- №7-жатаканада жашаган студенттер Универсиада оюндарында
- Ала-Тоо университетинин кафедра башчысы кесиптик колледждин студенттери үчүн дарс окуду
- №5-студенттик жатаканада "Ак демилге" коомдук фонду тарабынан ооз ачуу уюштурулду.
- Кыргыз филологиясы факультетинин студенттери ишембиликке чыгышты
- Матфактын студенттик активи Бишкектеги №7-орто мектептин директору менен жолугушту
- № 7-жатаканада Нооруз майрамы белгиленди
- КУУнун студенттик кеңеши “Эки ооз сөз” аттуу жандуу маек өткөрдү
- Ага окутуучу Дубанаева С.А. чөлкөм таануу багытында билим алган студенттер үчүн кытай элинин маданиятына арналган ачык сабак өткөрдү
- Математика жана информатика факультетинин студенттери ишембиликке активдүү катышты
- География, экология жана туризм факультетинин эмгек жамааты студенттер менен биргеликте ишембилик өткөрүштү
- 7-жатакананын жашоочусу бел боо күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында 3-орунду ээледи
- Экономика факультетинин студенттери карылар үйүнө барышты
- Экономика факультетинин студенттери Баткендеги кагылуушуда жапа чеккен аскерлерге жана элге жардам көрсөтүштү
- 7-студенттик жатакана студенттери вахтерша кызматкерлерин куттукташты
- Педагогика факультетинин студенттери Бишкек шаарындагы “Свет” карылар үйүнө барышты
- Профессор Гулжамал Жаманкулова КРТКнын Маданият каналындагы Мамлекеттик тил күнүнө карата маекке катышты
- Профессор Гүлжамал Жаманкулова Уфа шаарында өткөн эл аралык илимий конференцияга катышты
- Экономика факультетинин студенттери Ала-Арча жаратылыш паркына барып, эс алып келишти
- Кыргыз филологиясы факультетинин студенттери "Ала-Арча" жаратылыш паркына барып келишти
- Профессор Гүлжамал Жаманкулова Москвада өткөн онлайн панелдик дискуссияга катышты
- Профессор Гүлжамал Жаманкулова Ч.Айтматовдун чыгармачылыгынын 70 жылдыгына арналган тегерек столго катышты
- Педагогика факультетинин окутуучусу Сайкал Эсеналиева "Көкөтөйдүн ашы" темасы боюнча ачык сабак өттү
- Кыргыз филологиясы факультетинин жамааты студенттерге ооз ачырышты
- №7-жатаканада жашаган жалпы студенттер ооз ачышты
- Профессор Гүлжамал Жаманкулова Москвада өткөн онлайн-жыйындарга катышты
- Профессор Гүлжамал Жаманкулова Москвада өткөн онлайн-семинарга катышты
- Педагогика факультетинде "Мастер-классты өтүүнүн технологиясы" деген темада ачык сабак өтүлдү
- Педагогика факультетинин окутуучусу Мээрим Кубатбек кызы адабий иш-чара өттү
- Профессор Гүлжамал Жаманкулованын макаласы англис тилинде Нурсултанда жарык көрдү
- Педагогика факультетинде "Үйрөнүп жаткан тилдин практикалык курсу" боюнча ачык сабак өтүлдү
- Доцент Абдимомунова Апал Ч.Айтматовдун 93 жылдык мааракесине карата англис тилинде ачык сабак өттү
- Педагогика факультетинде таймаш сабагы өткөрүлдү
- Ырым, сөзүм, элге жетип баркталармын; Кылымдарды аттап өтүп сакталармын
- Педагогика факультетинин ага окутуучусу Айдралиева Алима кызыктуу ачык сабак өттү
- Педагогика факультетинин ага окутуучусу Кабылова Света онлайн-тарбиялык саат өттү
Пресс меню
Администратордон
Абитуриенттердин ?-лору
- Модератор 31.07.2023 11:42
-
Модератор
31.07.2023 11:38
Вся информация о формах обучения здесь: www.knu.kg/.../et.pdf ...
-
Бегимай
10.07.2023 18:14
Нарындагы филиалыңыздарда чет тили Факультета барбы? 9 көасстын бащасында
Студенттердин ?-лору
-
Айсулуу
29.06.2023 22:07
Саламатсызбы мен азыр АГУПКРде 2 курста окуйм, силерге которулсам болобу ошол эле факультетке?
-
Аскар Сманов
29.04.2023 13:33
Саламатсызбы. Мен азыр Россияда окуйм. Московский технологический университетте , Кыргвзстанга Улуттук ...
-
Мумина
23.03.2023 02:13
Саламатсыздарбы! Мен 2019 жылы МО факультетинен отчисления болгом бирок аттестатымды алган эмесмин. Азыр ...
Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору
-
Asel
24.07.2023 17:06
Саламатсызбы жолдошум экөөбүз тең кечки магистратурада окуйбуз. Бизге жатакана берилеби?
-
Элбек
10.07.2023 12:37
Саламатсызбы? Колледж боюнча маалымат алайын деген болчумун. Кайдан алсам болот? Переводчик факультети ...
-
Ислам
05.12.2022 15:02
Саламатсызбы мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетине тапшыруу үчүн Ортдан кошумча ...
Пикирлер жана сунуштар
-
Жыпаркул
24.01.2023 10:32
Кнунун 6 корпусу ото эле суук???? окуганга мумкун эмес????
-
Канышай
24.01.2023 10:28
Саламатсызбы.6- корпустун 1-этажы абдан суук болуп,окуганга оор болуп жатат.Үшуп,оору п жатабыз.Ушул ...
-
Юрфак 2 курс спо
22.12.2022 03:10
Те кто сдали деньги получают высокие баллы а те кто не сдал деньги но старательно учились получают ...
Көп окулган материалдар
- Абитуриент суроолору
- КУУнун түзүмдөрүнүн e-mail маалымдамасы
- Адреса учебных корпусов КНУ (обновлен 01.09.2017)
- КУУнун тарыхы (15.09.2012 жаңыланды)
- Ч. Айтматов. "Тоолор кулаганда (Кызкайып)". 1-бөлүк
- КУУнун жалпы мүнөздөмөсү (29.03.2016 карата)
- Студенттин суроолору
- Бүтүрүүчүнүн суроолору
- "Манас" эпосунун кыскача мазмуну
- Новости сайта















Толугу менен...