Макалалар
Окутуучулар
Памира Кадырбекова. Нурпаис Жаркынбаев агама


Памира Кадырбекова. Нурпаис Жаркынбаев агама
19.03.2019 09:17
Нурпаис Жаркынбаев агама!
("Ичер суум бүткөнчө" китебине)
* * *
Окуганда китебиңиз бүт сөзүн,
Оюм - онго санаам - санга бөлүндү.
Ичер сууңуз түгөнбөсүн, бүтпөсүн,
кечириңиз алла берген өмүрдү.
.
Кыдырдыңыз көркөмдүктүн дүйнөсүн,
Кыргыз элге тоодой эмгек кылдыңыз.
Поэмаңыз мындан ары гүлдөсүн,
Кылымдарга жашай берсин ырыңыз.
.
Асыл саптар сизден күтүп келебиз,
Атылсын да таамай тийип “жебеңиз”.
“Алгыр кушту” дагы таптай бериңиз,
Окурманга (дагы) эмне келет дегиңиз?
.
“Кыргыз көчү” мындан ары улансын,
Аркасынан урпактары чубалсын!
Бара-бара түзөлгөндө бийикте,
Келечек муун көрүп аны кубансын!
* * *
Памира Кадырбекова -
чет тилдер факультетинин деканы