Дүйшөмбү, Май 20, 2024
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Окумуштуулар кеңешинин 06.03.2019 отуруму

00

2019-жылдын 6-март күнү Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму болду. Аталган органдын төрагасы, КУУнун ректору Канат Садыков алып барган жыйында химия жана химиялык технологиялар, биология, кыргыз-европа факультеттеринин декандарынын, аспирантура жана докторантура бөлүм башчысынын  отчеттору угулуп, кышкы сессиянын жыйынтыгы жана окумуштуулук даражасы, наамы жана өкмөттүк сыйлыктарга байланышкан маселелер каралды. 

Отурумдун башында КУУнун ректору диссертацияларын ийгиликтүү коргогон Аскар кызы Жылдыз менен Абдыкадырова Гулсаадага "педагогика илимдеринин кандидаты" окумуштуулук даражасынын дипломун тапшырды.

Математика жана информатика факультетинин деканынын м.а. Изат Усенов математикалык анализ кафедрасынын башчысы Бараталиев Керим Бараталиевичти “КР билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер” наамы, кыргыз филологиясы факультетинин деканы Бакытбек Жайлообаев кыргыз тил илими кафедрасынын профессору Гүлжамал Джаманкулованы "Эл агартуунун мыктысы" төш белгиси, мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Алахан факультеттер аралык орус тил кафедрасынын башчысы Нурлана Ахметованы Президенттин Ардак грамотасы менен сыйлоого сунуш киргизишти.

Окуу, окуу-методикалык, илимий-методикалык, илимий-уюштуруучулук жана тарбиялык багыттарда жасалып жаткан иштер боюнча химия жана химиялык технологиялар факультетинин деканы Анара Зарипова, биология факультетинин деканы Шафика Сулейманова, кыргыз-европа факультеттеринин деканы Ызатбек Береналиев отчет беришти.

Аспирантура жана докторантура бөлүмүнүн башчысы Токтокан Курамаева өзү жетектеген түзүмдүн иши жөнүндө баяндама жасады.

2018-2019-окуу жаландагы кышкы сессиянын жыйынтыгы тууралуу академиялык саясат башкармасынын начальниги Гүлнара Абакирова маалымат берди.

Жыйындын жүрүшүндө окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрү экономика факультетинин деканы Эркин Куловага "профессор", Гүлмира Джантаевага "доцент" окумуштуулук наамын ыйгаруу боюнча Жогорку аттестациялык комиссияга кайрылууга жана журналистика факультетинин деканы Айна Дүйшекеева сунуштаган “Баласагын ТВ” окуу-өндүрүштүк телестудиясынын концепциясын бекитүүгө макулдугун беришти.

01

02

03

04

05

07

09

11

13

15

17

27

29

31

33

37

39

41

43

45

47

49

51

53

55

57

59

61

63

65

67

69

71

73

75

80

press knu 2019 00