Дүйшөмбү, Май 20, 2024
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Окумуштуулар кеңешинин 29.01.2019 отуруму

00

2019-жылдын 29-январында Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Аталган органдын төрагасы, КУУнун ректору Канат Садыков алып барган жыйында СжГИ жана ККДжКЖ факультеттеринин декандарынын отчеттору угулуп, айрым окутуучуларга окумуштуу наамдар менен даражалардын аттестат, дипломдору тапшырылды жана БжБ, СжГИ жана ОжСФ факультеттеринин кээ бир кафедраларынын башчылары шайланды.

Отурумдун башында Канат Садыков экономика факультетинин "Банк иши" кафедрасынын башчысы Ташкулова Гүлзатка "профессор" окумуштуулук наамынын аттестатын, ал эми ошол эле факультеттин "Финансы" кафедрасынын доценти Омуркулова Нуризага "экономика илимдеринин доктору" окумуштуулук даражасынын дипломун тапшырды.

Андан кийин, окуу иштери боюнча проректор Бекжан Темиров кафедра башчыларын шайлоо боюнча жүргүзүлгөн даярдык иштер жана талапкерлер тууралуу малымат берип, эсептөө комиссиясынын курамы бекитилди.

Окумуштуу катчы Аркабаева Гүлзыйнат педагогика илимдеринин кандидаты Сураналиева Канымгүлгө "доцент" окумуштуулук наамын ыйгаруу боюнча педагогика факультетинин сунуштамасы менен тааныштырган соң, бул маселе боюнча да эсептөө комиссиясынын курамы такталды.

Окуу иштери боюнча проректор Бекжан Темиров кыргыз филологиясы факультетинин кыргыз адабияты кафедрасынын доценти Баймырзаев Бактыбектин "Кыргыз билим журту", социалдык-гуманитардык илимдер факультетинин жогорку мектептин педагогикасы кафедрасынын башчысы, профессор Асипова Нурбүбүнүн "Заманбап билим берүү парадигмалары" аттуу окуу куралдарына министрликтин грифин алууга сунуш киргизди.

Илимий иштер боюнча проректор Асылбек Чекеев КУУнун окумуштууларынын докторлук диссертацияларынын темасын өзгөртүү жана илимий кеңешчилерин алмаштыруу боюнча маалымат берди.

Окуу, окуу-методикалык, илимий-методикалык, илимий-уюштуруучулук жана тарбиялык багыттарда жасалып жаткан иштер боюнча  социалдык жана гуманитардык илимдер факультетинин деканы Камчыбек уулу Мырзабек, кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу факультетинин деканы Алайбек Шамшиев баяндама жасашты.

Фундаменталдык илимдер институтунда жасалып жаткан иштер боюнча ФИИнин директору Николай Бредихин айтып берди.

Жыйындын соңунда эсептөө комиссиясынын төрагасы кафедра башчыларын шайлоонун жыйынтыктары тууралуу маалымат берди.

Кафедра башчылыгына шайлангандар:

  • Асанова Айсалкын - менеджмент кафедрасы
  • Жусубалиев Абдикайым - социология жана социалдык иш кафедрасы
  • Чепекова Гулмира - орус тили чет тил катары кафедрасы.

press knu 2019 00