Дүйшөмбү, Май 20, 2024
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Окумуштуулар кеңешинин 24.12.2018 отуруму

2018-жылдын 24-декабрында Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Аталган органдын төрагасы, КУУнун ректору Канат Садыков алып барган жыйында мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, кыргыз филологиясы, орус жана славян  филологиясы факультеттеринин декандарынын отчеттору угулуп, айрым окутуучуларга окумуштуу наамдар ыйгарылды.

Жыйындын башында Канат Садыков социалдык-гуманитардык илимдер факультетинин окутуучусу Жолдошева Аселге "социология илимдеринин кандидатынын" дипломун (ЖАКтын 01.11.2018 чечими менен) жана Конфуций институтунун волонтеру Үсөнбаева Жылдызга дүйнөдөгү Конфуций институттарынын "Мыкты мугалими" белгисин жана дипломун тапшырды.

Окуу сапатын жогорулатуу максатында окуу, окуу-методикалык, илимий-методикалык, илимий-уюштуруучулук жана тарбиялык багыттарда жасалып жаткан иштер боюнча мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинин деканы Кундуз Базакеевакыргыз филологиясы факультетинин деканы Бакытбек Жайлообаев, орус жана славян  филологиясы факультетинин деканы Сардарбек кызы Нурайым баяндама жасашты.

Жыйындын жүрүшүндө Окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрү о.э. тарых жана чөлкөм таануу факультетинин доценти Темирлан Чаргыновго 07.00.06 - "Археология" адистиги боюнча аспиранттарга жетекчилик кылууга жана кыргыз филологиясы факультетинин доцентинин м.а., п.и.к. Джаманкулова Айгүлдүн кандидатурасын "доцент" окумуштуулук наамын ыйгаруу үчүн ЖАКка сунуштоого макулдугун беришти.

press knu 2018 000