

Матфактын студенттери №7-жатаканадагы жаңы жылдык кечеге активдүү катышты
26.12.2018 17:52
№7-жатаканадагы Жаңы жылды тосуп алуу иш-чарасына математика жана информатика факультетинин деканаты жана студент-активисттери катышты. Жыйындын катышуучулаын келе жаткан 2019-жаңы жыл менен КУУ жатаканаларынын менеджери Шабданов Бексултан менен жатакананын коменданты Ырсалиева Шарапат эже куттукташты.
Калыстар тобунун чечими менен жатакананын бөлмөлөрүн жасалгалоо конкурсунун жыйынтыгы төмөндөгүдөй болду:
- 1-орун - 5 кабат
- 2-орун - 4 кабат
- 3-орун - 2 кабат
- 4-орун - 3 кабат
Жеңүүчүлөр жатаканаларды башкаруу администрациясы тарабынан ардак грамоталар жана баалуу белектер менен сыйланышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө доцент Бахтияр Рахманкулов куттуктоо сөзүн айтып, математика жана информатика факультетинин II-курсунун ПМиБ-1-17 группасы тарабынан жасалган белектерди сынактын "Мыкты бөлмө" номинациясынын жеңүчүлөрүнө тапшырып, Шарапат эженин ар бир студентке өз баласындай мамиле жасап, ар дайым жогорку дэңгээлде ушундай иш-чараларды уюштуруп келээрин баса белгиледи.
Кеченин биринчи бөлүмү кызыктуу оюн-зооктор менен өтсө, экинчи бөлүмүндө жатаканын активистери уюштурган байгелүү билеттер ойнотулуп, белектер өз ээлерин тапты.
Урматтуу КУУнун окутуучулары, кызматкерлери жана жалпы студенттер!
Математика жана информатика факультетинин студенттери Сиздерди келе жаткан 2019-жаңы жылыңыздар менен куттуктап, узун өмүр, бакубат жашоо, дайыма чың ден соолукта болушуңуздарга тилектеш болуп келишет.
Азамат Шамов – жаштар сенатынын маалымат координатору