Жекшемби, Апрель 27, 2025
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Кыргыз филологиясы факультетинде "Айтматов жана сахна" аттуу сынак өткөрүлдү

Кыргыз филологиясы факультетинде Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата жаштар комитети тарабанынан 1-2-курстар арасында "Айтматов жана сахна" аттуу сценкалардын сынагы болуп өттү. Ар бир группа чүчү кулак кармап, өздөрүнө туш келген чыгармалардан сценка даярдап көрсөтүштү.

Таймаштын калыстар тобунда кыргыз тил илими кафедрасынын башчысы Абдразакова Гулмира, кыргыз адабияты кафедрасынын улук окутуучусу Исаева Сайра, доценти Орозалиева Жүрсүн болуп, баасын беришти.

Баш байгени 2-курстун КТА(б)1-17 группасы багындырышса, 1-орунду КТАОМ(б)1-18, 2-орунду КТА(б)1-18, 3-орунду КТА(к)1-17 группасы ээледи.

Өз өнөрүн көрсөткөн студенттер 3-курстар тарабынан даярдалган дипломдор, кызыктыруучу сыйлыктар жана ар кандай китептер менен сыйланышты.  

01

02

04

05

06

07

Токтосун кызы Албина