Жекшемби, Май 19, 2024
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Окумуштуулар кеңешинин 27.11.2018 отуруму

Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму 2018-жылдын 27-ноябрында болуп ѳттү. Аталган органдын тѳрагасы, КУУнун ректору Канат Садыков алып барган жыйында о.э. тѳмѳндѳгү маселелер каралды:

1. 2017-18-окуу жылындагы жайкы сессия менен бүтүрүчүлөрдү мамлекеттик аттестациялоонун жыйынтыктары жана билим берүү процессин жакшыртуу боюнча милдеттер.

2. 2018-19-окуу жылына студенттерди кабыл алуунун жыйынтыгы

3. Окуу акысын төлөөдө студенттерге жеңилдиктерди камсыз кылуу боюнча административдик комиссиянын ишинин жыйынтыгы.

4. Ар түрдүү маселелер.

Отурум ааламга белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун карындашы, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнѳ эмгек сиңирген ишмер, физика-математика илимдеринин кандидаты, педагог Роза Тѳрѳкуловна Айматова менен Корея Республикасынын Бишкектеги билим берүү борборунун мүдүрү Мин Дже Щик мырзага “КУУнун ардактуу профессору” наамын ыйгаруу аземи менен башталды.

Күн тартибиндеги биринчи маселе боюнча академиялык саясат жана окуу процессин уюштуруу башкармалыгынын жетекчиси Абакирова Гульнара баяндама жасап, ѳткѳн окуу жылындагы жайкы сессия менен бүтүрүчүлөрдү мамлекеттик аттестациялоонун жыйынтыктары жана билим берүү процессин жакшыртуу боюнча окуу жайдын алдындагы милдеттер жѳнүндѳ айтып берди.

Анын айтымында, ѳткөн окуу жылында университетте билим берүү мыйзамынын талаптарын сактоо, окуу процессин өркүндөтүү, окутуунун инновациялык технологияларын кенири жайылтуу жана окуу ишмердүүлүгүн башкаруунун натыйжалуу методдорун колдонуу боюнча алгылыктуу иштер аткарылды.

Жазгы семестрдин башында 21 факультет, 6 колледж жана 1 гимназияда окуутунун бардык формалары боюнча 17 миң 755 студент билим алган. Окутуучулардын жалпы саны 2016-2017-окуу жылында 2 миң 48 (а.и. 51% - илимий даражасы барлар) болсо, 2017-2018-окуу жылында 2091 (53%) болгон.

Жайкы семестрде студенттердин сабакка катышуусу мурунку окуу жылына караганда 2,3% ѳсүп, 86,5% түзгѳн. Бул кѳрсѳткүч боюнча 97% менен педагогика факультети алдыга чыкса, химия жана химиялык технология факультети экинчи (96%), ал эми кыргыз-европа факультети 92,5% менен үчүнчү орунду ээлеген.

Колледждердин ичинен катышуунун эң жогорку көрсөткүчүн 97,9% менен педагогикалык колледж камсыз кылса, эң төмөнкү көрсөткүч Ош шаарындагы колледжде болгон (87,6%).       

Ѳткѳн окуу жылында ар тармактуу мекемелер менен 122 келишим түзүлүп, бакалавриаттын 92,9%, магистратуранын 95%, колледждердин 94,3% студенттери практикадан өткөн.

2017-2018-окуу жылында бакалавр программасы боюнча Улуттук университетти 3 миң 969 бүтүрүүчү аяктап, алардын 53,7% жумушка орношкон, ал эми орто кесиптик билим берүү программасы боюнча 646 бүтүрүүчүнүн 66,4 % жумушка орношту.

Азыркы учурда КУУдагы окуу процесси, түзүмдөр ортосундагы документ алмашуу AVN маалыматтык системасынын жардамы менен жүргүзүүлүүдѳ.

Сѳзүнүн сонунда Гулнара Абакирова КУУдагы билим берүүнү өркүндөтүү боюнча бир нече сунуштарды киргизди.

2018-19-окуу жылына студенттерди кабыл алуунун жыйынтыгы жана келерки жылдагы кабыл алууну уюштуруу боюнча милдеттер тууралуу кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Алишер Келдибеков айтып берди. Ал 2018-2019-окуу жылына студенттерди кабыл алуу планы негизинен аткарылганын, кабыл алуу комиссиясынын иши коррупцияны болтурбоо талаптарын көңүлгө алуу менен толеранттуулуктун жана ачык-айкындыктын шарттарында өткөндүгүн билдирип, КУУнун колледжин жакшы жыйынтыктар менен аяктаган бүтүрүүчүлөрдү мамлекеттик аттестациялык комиссиянын сунушу менен КУУга кабыл алуу сунушун киргизди.

Күн тартибиндеги үчүнү маселе боюнча административдик жана чарба иштери боюнча проректор Туратбек Суранаев чыгып сүйлѳп, студенттердин окуу акысын төлөөдө жеңилдиктерди камсыз кылуу боюнча административдик комиссиянын ишинин жыйынтыгы тууралуу айтып берди.

Проректор контракттык негизде окуп жаткан студенттерди социалдык жактан колдоо Кыргыз Республикасынын тиешелүү укуктук-ченемдик актыларынын жана "Бюджеттик эмес негизде окуп жаткан КУУнун студенттерин социалдык жактан колдоо жөнүндө жобо" менен "Коллективдүү келишимдин" негизинде ишке ашырылып жатканын белгилеп, “Тоголок жетимдер” категориясына кирген 40 студентке 100% жеңилдик берүү максатында 1 млн. 357 миң 300 сом; 1-топтогу 3 майып студентке 50% жеңилдик берилип, 46 миң 325 сом; ал эми 2,3-топтогу 25 майыпт студентке 198 миң 463 сом каралганын билдирди.

Туратбек Суранаевдин айтымында, жеңилдиктер о.э. ата-энеси кѳп жылдан бери КУУда иштеген студенттерге жана өзүлөрү КУУда иштеген магистранттарга да берилди. Атап айтканда:

  • ата-энеси КУУда 15 жылдан кѳп ишегендерге - 50% жеңилдик (62 студент1 млн. 100 миң 725 сом)
  • ата-энеси КУУда 10 жылдан кѳп ишегендерге - 25% жеңилдик (7 студент66 миң 750 сом)
  • КУУда 3 жылдан кѳп иштеген магистранттарга - 25% жеңилдик (4 студент35 миң 750 сом).

"Штаттык бирдиктерди оптималдаштыруу" темасы боюнча КУУнун ректору Канат Садыков өзү баяндама жасап, AVN системасын киргизүү менен окуу жайдын персоналын, окуу процессин, документтердин жүрүшүн көзөмөлдөө автоматташтырылып жатканына жана бюджеттик, контрактык бѳлүмдөрдөгү студенттердин санынын кыскарышына байланыштуу 2019-жылдын 1-январынан тартып университеттин штаттык бирдиктери оптималдаштырыла турганын билдирди жана конкреттүү ѳзгөртүүлөр тууралуу айтып берди.

Жыйындын жүрүшүндѳ Окумуштуулар кеңешинин мүчѳлѳрү о.э. Мейманов Бактыбекке “профессор”, Абдымомунова Гульжамышка “доцент” окумуштуу наамын ыйгарууга жана Мырзатаева Айнура менен Кулалиева Калиянын докторлук диссертацияларынын темасын бекитүүгѳ макулдугун беришти.

press knu 2018 000