Жекшемби, Май 19, 2024
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Окумуштуулар кеңешинин 29.06.2018 отуруму

002018-жылдын 29-июнь күнү башкы имараттагы чоң жыйындар залында Окумуштуулар кеңешинин 2017/2018-окуу жылындагы жыйынтыктоочу отуруму болуп өттү. Аталган органдын төрагасы, КУУнун ректору Канат Садыков алып барган жыйында төмөндөгү маселелер каралды:

  • КУУнун кафедра башчыларын шайлоо;
  • КУУнун жаңы окуу жылына даярдык актысын бекитүү;
  • Окумуштуулар кеңешинин 2017-2018-окуу жылындагы иштерин жыйынтыктоо;
  • Ар түрдүү маселелер.

Окуу иштери боюнча проректор Урмат Аманалиев кафедра башчылыгына талапкерлердин тизмеси менен тааныштырган соң, эсептөө комиссияларынын мүчөлөрү тандалып, окумуштуу катчы Гүлзыйнат Аркабаева шайлоону өткөрүүнүн тартиби жөнүндө маалымат берди. Андан соң Окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрү кафедра башчыларын шайлоого киришти.

Добуштарды эсептөө учурунда, Канат Садыков илимий ишин ийгиликтүү коргоп, ЖАК тарабынан бекитилген КУУнун окутуучуларына  аталган органдын дипломдорун тапшырды, СжГИ факультетинин деканы Камчыбек уулу Мырзабек дин таануу жана теология кафедрасынын башчысы Толкун Омурованы "Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасына", фундаменталдык илимдер институтунун директору Николай Бредихин аталган институттун башкы илимий кызматкери Жолборс Жоробековду "Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер" наамына, ал эми физика жана электроника факультетинин деканы Самат Токтогонов 6-окуу имаратындагы 207-дарсканага профессор Феликс Исидорович Франклдын, 7-дарсканага профессор Ташмат Карашевич Карашевдин ысымын ыйгарууну сунуштады.

Докторлук диссертациялардын темаларын бекитүү жана "КУУнун илимий изидөөлөргө гранты тууралуу жобого" өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу баяндаманы илимий иштер боюнча проректор Асылбек Чекеев жасады.

КУУнун жаңы окуу жылына даярдык актысын бекитүү, Окумуштуулар кеңешинин 2017/2018-окуу жылындагы иштери, КУУнун окумуштууларынын эмгектерине министрликтин грифин алуу жөнүндө окуу иштер боюнча проректор Урмат Аманалиев айтып берди.

Күн тартибиндеги маселелер каралып бүткөндөн соң, эсептөө комиссияларынын төрагалары шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө маалымат берип, кафедра башчылыгына төмөндөгүлөр шайланды:

  • Туризм жана рекреациялык география кафедрасы: 

Нарынбек уулу Курманбек

narynbek uulu

  • Ботаника жана өсүмдүктөрдүн физиологиясы кафедрасы: 

Исаева Венера Карабековна

isaeva

  • Англистика жана маданият аралык байланыш кафедрасы: 

Жаманакова Майрам Болотбековна

jamanakova

  • Теле-радиожурналистика кафедрасы: 

Алымбаева Зарылкан Арстанбековна

alymbaeva

  • Салык жана салык салуу кафедрасы: 

Есеналиева Бактыгул Баховна

esenalieva

  • Банк иши кафедрасы: 

Ташкулова Гульзат Кантороевна

tashkulova

  • Табигый факультеттер үчүн факультеттер аралык чет тилдер кафедрасы:

Абдимомунова Апал Оморбаевна

abdimominova

  • Гумантитардык факультеттер үчүн факультеттер аралык чет тилдер кафедрасы: 

Апезова Дилара Урумбаевна

apezova

Белгилей кетсек, КУУнун калган кафедра башчылары Окумуштуулар кеңешинин 2017-жылдын 10-ноябрында, 28-29-ноябрында болуп өткөн отурумундарында шайланышкан.

Жыйындын жүрүшүндө Окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрү о.э. математика жана информатика кафедрасынын окутуучулары Абдраимова Махабат, Матанова Калыскан жана Намазова Гулизаны ЖАК тарабынан "доцент" окумуштуулук наамын ыйгарууга сунуштоо боюнча макулдугун беришти.

press knu 2018 000