Окумуштуулар кеңешинин 01.11.2018 отуруму
02.11.2018 12:04
2018-жылдын 1-ноябрь күнү башкы имараттагы чоң жыйындар залында Окумуштуулар кеңешинин жаңы окуу жылындагы алгачкы отуруму болуп өттү. Окуу жайдын өкүлчүлүк органынын төрагасы, КУУнун ректору Канат Садыков алып барган жыйында төмөндөгү маселелер каралды:
1. КУУнун Окумуштуулар кеңешинин иш планын бекитүү;
2. “КУУнун ректораты жөнүндө”, “ КУУнун Окумуштуулар кеңеши жөнүндө” жоболорго өзгөртүү жана тактоо киргизүү;
3. Каржы комитетинин түзүлүшү, функциясы ж.б. жөнүндө;
4. КУУда окутуунун регламентине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө;
5. Ар түрдүү маселелер.
Күн тартибиндеги биринчи жана экинчи маселелер боюнча ректор Канат Садыков баяндама жасап, аталган документтер жыйындын катышуучулары тарабынан колдоого алынды.
Каржы комитетинин түзүлүшү, функциясы жана милдеттери тууралуу аталган органдын төрайымы Кундуз Базакеева айтып берди.
Күн тартибиндеги 4-маселе боюнча окуу иштери боюнча проректор Бекжан Темиров чыгып сүйлөп, КУУда окутуунун регламентине киргизилүүчү толуктоолор жана өзгөртүүлөр жөнүндө баяндама жасады.
Окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрү о.э. Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер Роза Айтматова менен Кореянын Бишкектеги билим берүү борборунун директору Мин Дже Щик мырзага "КУУнун ардактуу профессору" наамын ыйгарууга, о.э. филология илимдеринин кандидаттары С.Н.Исаева менен Г.Ш.Абдразаковага жана философия илимдеринин кандидаты Т.Ч.Абдылдаевага "доцент" окумуштуу наамын ыйгарууга макулдугун беришти.
Жыйындын соңунда мамлекеттик тил жана тарбия иштер боюнча проректор Садык (Алахан) Тиллебаев КУУнун делегациясынын Кытайга болгон сапары тууралуу кыскача маалымат берди.