Бардык жаңылыктар
Түзүм жаңылыктары
Юрфактын студенттери Жогорку Кеңеште экскурсияда болушту


Юрфактын студенттери Жогорку Кеңеште экскурсияда болушту
24.11.2018 16:16
2018-жылдын 21-ноябрь күнү юридикалык факультеттин мамлекет менен укуктун теориясы жана тарыхы кафедрасынын 1-курсунда окуган 25 студент Ак үйгө экскурсияга барышты. ЖК депутаты Айнура Алтыбаева КУУнун студенттери менен 1 саатча баарлашып, мамлекеттеги көйгөйлөр, келечек реформалар, өзгөрүүлөр тууралуу кеп кылып, студенттердин суроолоруна жооп берди.
Андан кийин студенттер Жогорку Кеңештин кезектеги отурумуна күбө болушуп, парламенттик китепканада жана окуу залында болушту.
Келдибеков Алишер - т.и.к., доценттин м.а.