Шейшемби, Апрель 22, 2025
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

ЭККМКнын кызматкери КЕФтин студенттерине коррупцияга каршы күрөшүү боюнча лекция окуду

2018-жылдын 17-ноябрында ЭККМКнын каржы полициясынын капитаны, кызматтык кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы Искендер Алиев Кыргыз – Европа факультетинин студенттерине «Коррупцияга жана экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүүнүн заманбап ыкмалары» деген темада лекция окуду.

Ал студенттер менен биргеликте бүгүнкү күндөгү актуалдуу маселелер болгон экономикалык коопсуздук коркунучунун алдын алуу боюнча укуктук ченемдер, экономикалык кылмыштуулук жана коррупция менен күрөшүүнүн ыкмаларына токтолду.

Коррупция мамлекеттик кызыкчылыктарына корунуч туудурган жалпы улуттук көйгөй болгондуктан, бул теманын актуалдуулугу угуучулардын арасында чоң кызыгууну жаратты. Студенттер лекцияга активдүү катышып, кызыктуу суроолорду беришти.

Жолугушуунун аягында Искендер Алиев студенттердин бул темага кызыккандыгы үчүн, ал эми факультет жетекчилигине жолугушуну уюштуруп бергендиги үчүн ыраазычылык билдирди.

01

02

03

Оморбекова Кундуз – КЕФтин катчы-референтb