

№5-жатакананын жашоочулары “Аалам жылдызы – Айтматов” аттуу таймаш өткөрүштү
20.11.2018 12:48
Башкы имараттагы чоң жыйындар залында Ч. Айтматовдун 90 жылдыгына карата “Аалам жылдызы – Айтматов” аттуу таймаш болуп өттү. №5-жатаканада жашаган студенттер улуу жазуучунун чыгармаларынан сценкаларды көрсөтүшүп, суроолорго жооп беришип, сынакка активдүү катышты.
Курамына студенттик жатаканалардын менеджери Шабданов Бексултан, экономика факультетинин деканынын орун басары Усенов Эрнис, социалдык-гуманитардык илимдер факультетинин деканынын орун басары:Урузбакиева Зухра жана тарых жана чөлкөм таануу факультетинин деканынын орун басары Асантурова Талайкүл кирген калыстар өнөрүн көрсөтүп, суроолорго мыкты жооп берген студентерди кызыктыруучу сыйлыктар жана китептер менен сыйлашты. 1-орун 5-кабаттын атынан келген "Аалам жылдызы" тайпасына ыйгарылды.
Ч.Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы аркылуу жаштарга тарбия, билим берүү, адамгерчилик, ыймандуулук, маданияттуулук, мекенчилдик сапаттарды калыптандыруу максатында өткөрүлгөн иш чаранын соңунда жатакананын башчысы Сүйүмкулова Гүлнара сөз сүйлөп, студенттерге ийгилик каалады.
Токтосун кызы Албина