Дүйшөмбү, Май 20, 2024
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

П.Кадырбекова. Ийне менен кудукту казгылары келишпейт, Оппонент

Ийне менен кудукту казгылары келишпейт

1. Кызмат  кылат Чындыкка

“Илим” деген түшүнүк.

Элдер билип калгандыр,

эмдигиче түшунүп.

*

2. Айтайын эми  маалымдай:

чала -сабат дилетант,

айлананын  баарында.

Илимге берсек болмок “ант”,

Гиппократ  аалымдай.

*

3. Эч качан жок деп жатпайбы,

илимде түптүз туура жол!

“Таштак” жерди  баспайбы!

Кылгысы келсе кызмат мол?

**

4. Ийне менен кудукту,

казгылары келишпейт.

Илимди  терең изилдеп,

жазгылары келишпейт.

*

5. Катары менен чыгышты,

“Илимпоз сөрөй”  болушуп.

Катуурак койсо  талапты 

ортого түшөт болушуп.

**

6. “Конвейер” менен чыгышты,

“Окумуштуу” атыгып.

Талаптар катуу коюлбай,

даража кетти сатылып.

*

7. Интернет чыкты  балакет,

издешет андан баарысын,

кымындай кылбай аракет.

Катары менен табышат

илимдин оной “дарысын”.

*

8. “Илимий уурдоо” деген сөз

илгертен  аты ”Плагиат” .

Бирөөнүн оюн колдонуп,

“илимий ишти” жазат бат.

Бул сөз биздин кулакка,

нары “чоочун”, нары ”жат”.

*

9. Илимге кылсам кызматты,

ичимди жаман сыздатты.

Айтпасам деле белгилүү,

айтылуу жүргөн бир атты...

*

10. Жактоого жакын жолотпой,

Жылдар  өтсө корготпой.

Жылдырбай койду  баары  эле.

Кандай  күнөөм бар эле?

каарына кимдин калды элем?

*

11. Коргоого жакын жолотпой,

кор кылышты  тоготпой.

Уу жуткандай  кыйнашты,

убакыт өтсө корготпой.

Ууктурду  баары эле,

убалга кимдин калды элем?

*

12. Ак ийилди, сынбады,

аны турмуш сындады.

Чындык  эч бир сынбады,

чыркырай берип кыйналды.

Кастык кылган адамдар

ичинен күлүп жыргады.

*

13. Жашы менен карыбыз,

туюп турдук  баарыбыз,

жетпеди бирок алыбыз.

*

14. “Эсил кайран диссовет”,

Эстесем ичим “ачышат”.

“Эмнеге” деп сурасам,

Эзелтен менден качышат.

*

15. Эч ким кулак салбады.

Эми кимге айта алам?

Жаштарга берээр кеңешим:

“Жүрбө аларды кайталап!”.

*

16. Илимге кызмат кылгының,

“Ийне менен казгандай”.

Чындыкты жазып чыккының,

жактай бер анан жазганбай.

*

17. Изденүүчү бирөө бар:

иштин майын чыгарат.

ийгилик ага тилөө бар,

илгериге сүрөө бар.

*

18. Изденүүчү башка бар:

эки сөздү кошо албайт,

эптеп оюн айта албайт.

Бирок бирөөлөргө “жагышат”...

Эптеп -септеп жакташып,

анан төшүн кагышат.

*

19. Буларды койсо туптуура

илимге жакын жолотпой!

Колунан келген иш кылса,

убакыт бекер коротпой.

*

20. Илимпоз болом дегендер

Талыкпай  казып  окусун!

Багынтаар анан илимдин,

жаркырак  бийик чокусун!

*

Оппонент

*

Урматтуу улуу агабыз,

угулсун биздин санаабыз!

Түйшөлткөн мени ойлордун

түйүнүн кантип табабыз?

*

Айтайын  деймин бир ойду

“Оппонент” деген сөз барктуу,

карайт ал ишти бир шарттуу.

Оппонент болуш оңойбу?

ошол гана айта алат

ат көтөргүс чоң ойду.

Оппонент сындан өткөндөр,

ойго келбес чоңойду.

*

Оппонент деген бирөө бар

принциптерге таянат.

кылгысы келбейт эч кимге

кыңыр иштеп, кыянат

*

Көз каранды эмес оппонент

эч кимге жана эч качан.

Оппонент деген башка бар

көз каранды башкадан.

Өзүнүн кылдай ою жок,

башкаларга таянат.

Жасай  берет ар дайым

аманатка кыянат.

Бирөөлөрдүн сунушун

дайым каалайт угушун.

*

Баркы кетти илимдин:

кечээ жаңы жактаган,

“оппонент” болуп илинди.

Бекитээрде жогортон,

ким экени билинди.

*

Капкара болуп турбайбы,

интернетте  кашкайып!

кайдан эми издейли

кимде күнөө, кимде айып?

*

Илимге талап аз болду.

Коргогондор эсепсиз,

бирок ачылыштар жок болду.

*

Ийне менен казышса,

ачылыштар болбойбу?

ачылыштар көп болсо

ааламдашуу убакта

турмуш алга жылбайбы!

*

Ачылыштын ээлерин

Нобель күтүп турбайбы!

Анан Кыргызстан илими

Кыргызга  кызмат кылбайбы?

*

* * * 

Памира Кадырбекова - 

чет тилдер факультетинин деканы

pk infak