Шейшемби, Апрель 22, 2025
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

КУУнун студенттери “Тоолуктардын ток-шоусуна” катышты

2018-жылдын 6-ноябрында журналистика факультети менен чет тилдер факультетинин окутуучулары жана студенттери КТРКдагы “Тоолуктардын ток-шоусу” берүүсүнө катышты. “Устат менен шакирт” темасына арналган берүүдө КУУнун "Физиканы окутуу технологиялары жана табият таануу" кафедрасынын башчысы, профессор Мамбетакунов Эсенбек агай кадырлуу конок болуп, студенттер менен кызыктуу маек курду.

Ток-шоуга эксперт катары КУУнун факультеттер аралык мамлекеттик тил кафедрасынын башчысы Осмоналиева Гүлмира , Кыргыз Эл артисти Нышанов Нурлан, о.э. КУУнун кыргыз тили окутуучусу Түмөнбаева Чолпон катышты.

Кызыктуу суроолор, пайдалуу кеңештер, таасирдүү сөздөр айтылган берүүнүн соңунда анын уюштуруучулары Улуттук университеттин окутуучулары менен студенттери активдүү катышкандыгын баса белгилеп, ыраазычылык билдиришти.

01

02

03

Сайпиллаева Махбуба - журналистика факультетинин 1-курс студенти

mahbuba