Шейшемби, Апрель 22, 2025
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

КУУнун студенттери акын Сапарбаев Турдакун менен жолугушту

2018-жылдын 31-октябрында 5-имараттагы "Манас өргөсүндө" кыргыз филологиясы, орус жана славян филологиясы, журналистика факультетинин студенттери “Мезгилсиз жылдар” китебинин автору, ”Аян”телеканалынын негиздөөчүүсү, акын Сапарбаев Турдакун менен жолугушту.

Факультеттер аралык мамлекеттик тил кафедрасы тарабынан уюштурулган иш чарага мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык (Алахан) Тиллебаев, кафедра башчысы Гүлмира Осмоналиева катышты.

Кеченин жүрүшүндө Т.Сапарбаев адам баласы менен табият, Жараткандын улуулугу, сабырдуулук, кечиримдүүлүк жана Ата-Журттун ыйыктыгы жөнүндө ар мезгилде жазган ырларынан окуп берди.

Кечеге катышкан студенттер акынга кызыктуу суроолорун берип, пикир алмашуу, көркөм окуу менен гана чектелбестен, өздөрү жазган ыр саптары менен бөлүшө кетишти. Алар Турдакун агайга атайын убакыт бөлүп келип бергенине ыраазычылык билдирип, акынга мындан аркы чыгармачыл ийгиликтерди каалоо менен, жолугушуу жогорку деңгээлде жана кызыктуу өткөнүн белгилешти.

Иш чаранын соңунда Турдакун Сапарбаев студенттерге кол тамгасы коюлган китептерин белекке тартуулады.

07

04

05

Сайпиллаева Махбуба - журналистика факультетинин 1-курс студенти

mahbuba