Бардык жаңылыктар
Түзүм жаңылыктары
Кыргыз филологиясы факультетинде "Айтматов ааламына саякат" аттуу интеллектуалдык оюн өткөрүлдү


Кыргыз филологиясы факультетинде "Айтматов ааламына саякат" аттуу интеллектуалдык оюн өткөрүлдү
02.11.2018 19:07
2018-жылдын 1-ноябрында Кыргыз филологиясы факультетинде Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган "Айтматов ааламына саякат" аттуу интеллектуалдык оюн өткөрүлдү. Факультеттин жаштар комитети менен илимий китепканасынын кызматкерлери тарабынан уюштурулган иш чарага 1-3 курстардан тандалып алынган 5 тайпа катышып, жыйынтыгында төмөндөгүдөй орундарга ээ болушту:
- 1-орун - "Дүйшөндүн изи менен" тайпасы
- 2 - орун - "Аалам"
- 3 - орун - "Ак кеме".
"Ак жаан" жана "Кызыл алма" тайпалары да оюнга активдүү катышты.
Жеңишке жеткен командаларды факультет деканы Б.А.Жайлообаев менен "Кыргыз адабияты" кафедрасынын башчысы К.Абакиров улуу жазуучунун китептери жана кызыктыруучу сыйлыктар менен сыйлашты.