Жекшемби, Апрель 27, 2025
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Матфактын активисттери КМТУдагы көргөзмөдө болушту

Математика жана информатика факультетинин активистери 2018 жылдын 24-октябрында И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде уюштурулган Россиялык жогорку окуу жайлардын көргөзмө-презентациясына катышып келишти.

Алар Россиянын Пермь, Кемерово, Урал, Санкт-Петербург шаарларында жайгашкан жогорку окуу жайлар жөнүндө кеңири маалымат алышып, алардын магистратурасында жана аспирантурасында билим алуунун жол-жобосун билишти. КМТУ өкүлдөрүнүн жасаган презентациясы өтө кызыктуу жана маанилүү болду.

Эми, биздин активистер алынган маалыматтардын баарын факультеттин бүтүрүүчүлөрүнө толук, айкын жеткиришет.

01

02

Рахманкулов Бахтияр – декандын тарбия иштери боюнча орун басары, ф.-м.и.к., доцент