Ишемби, Апрель 26, 2025
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Спортсмен–агартуучулар

2018-жылдын 13-17-февраль күндөрү Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында Бишкек шаарындагы жогорку жана орто окуу жайларынын мугалимдеринин «Ден соолук» спартакиадасы болуп, андагы тогуз коргоол боюнча турнирде КУУнун курама командалары эркектер арасында да, кыз-келиндер арасында да алдыга чыгып, республикалык «Ден соолук» спартакиадасына жолдомо алышкан.

Алардын арасында биология факультетинин ага окутуучусу Изабекова Айжамал да бар. Кышында өткөн тандоо турунда Айжамал Керимкуловна командалык эсепте кыз-келиндер арасында чемпиондукту ээлесе, жеке эсепте татыктуу 2-орунду ээлеген.

Республикалык спартакиада 2018-жылдын 21-27-сентябрь күндөрү Чолпон-Ата шаарындагы «Көгүлтүр Ысык-Көл» санаторийинде болуп, бул жолку турнирде Айжамал Керимкуловна КУУнун эркектер командасынын курамында ойноду. Жыйынтыгында командалык эсепте 2-орунду ээлешип, тогуз коргоол боюнча аталган спартакиаданын вице-чемпиондору болушту.

Мындан тышкары, Айжамал Керимкуловна бул спартакиадада стол тенниси боюнча да КУУнун эркектер курама командасынын мүчөсү болууга жетишкен. Турнирдин жыйынтыгында КУУнун эркектер курама командасы 3-орунду ээлеген.

Факультеттин атынан жалпы КУУнун спортсмендерин жана эжейибиз Изабекова Айжамал Керимкуловнаны куттуктайбыз! 

Жеңишиңиздер куттуу болсун, урматтуу кесиптештер!

01

02

03

04

Токтобеков Мирлан - 

биология факультетинин деканынын тарбия иштери боюнча орун басары