Шейшемби, Апрель 22, 2025
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Коопсуздук - башкы максат

2018-жылдын 24-октябрында техникалык коопсуздук жана эмгекти коргоо секторунун башкы адиси Ж.Абдесбаева биология факультетинин окутуучулар курамы жана көмөкчү кызматкерлери үчүн өрткө каршы коопсуздук боюнча лекция өткөрдү.

Сабак учурунда ал өрттүн алдын алуу чаралары, өрт учурунда окутуучулардын, көмөкчү кызматкерлердин жана студенттердин иш аракети жөнүндө айтып берди. Лектор о.э. факультет жетекчилигине, окутуучуларына жана лаборатория башчыларына коюлган талаптарды белгилеп, коопсуздук чараларын сактоону жана факультет боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды.

«Сактыкка – кордук жок» - демекчи, кырсыктардын алдын алуу, аны менен күрөшүү - жалпыбыздын негизги максатыбыз. Анткени, адам өмүрү чоң жоопкерчилик! 

01

02

Токтобеков Мирлан - 

биология факультетинин деканынын тарбия иштери боюнча орун басары