Ишемби, Апрель 26, 2025
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Чет тилдер факультетинде "Түркия Республикасына 95 жыл" аттуу иш чара болуп өттү

2018-жылдын 20-октябрында чет тилдер факультетинин түрк тили бөлүмүндө "Түркия Республикасына 95 жыл" аттуу иш чара болуп өттү. Жыйынга Туркиянын Кыргызстандагы элчисинин билим берүү боюнча кеңешчиси Режеп Сула, ТТЕӨМЕР мүдүрү Ахмет Гөзүбол, анын жардамчысы Жеват Алтунташ мырзалар жана башка коноктор катышты.

Жыйынды түрк тили бөлүмүнүн ага окутуучусу Бурул Элебесова ачып, декандын орун басары Бегимай Алымкулова туркиялык меймандарга чет тилдер факультети, анын ичинде түрк тили бөлүмү менен тыгыз иш алып баргандыгы жана материалдык колдоо көрсөткөндүгү үчүн Кыргыз улуттук университетинин ректорунун атынан ыраазычылык каттарды тапшырды.

Иш чаранын жүрүшүндө бөлүмдүн студенттери даярдаган концерт көрсөтүлүп, ТТЕӨМЕР тарабынан ушул жылы ремонт болгон кабинеттердин ачылышы болду.

01 01

01 02

01 04

01 05

04

06

07

05

10

Түрк тили бөлүмү