

Матфактын студенттери китеп дүйнөсү менен дайыма байланышта
18.10.2018 12:27
Математика жана информатика факультетинин студенттери №6-окуу имаратында жайгашкан КУУнун илимий китепканасынын табигый илимдер боюнча китептер абонементин жаны жайгашкан жерине көчүрүүгө активдүү катышып, абономенттин жетекчиси Дыйканбаева Токон эже студенттерге өз ыраазычылыгын билдирди.
Мындан сырткары, факультет студенттери "Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнө" карата «Мен таза шаар үчүн» демилге менен чыгышып, шаарыбыздын тазалыгы үчүн өз салымдарын кошууда. Алар факультеттеги кафедраларды, компьютердик класстарды, аудиторияларды, о.э. Абдымомунов жана Үмөталиев көчөлөрүнүн кесилишин тазалашты.
Исхак Раззаковдун «Сен таза болсоң, мен таза болсом, коом да таза болот» деп айткан сөзүн эске алган болочок математиктер мындай иш-чараларды жүргүзүү менен өлкөбүздүн өнүгүшүнө салым кошууда.
Нурмухамед Усаров - студенттик сенаттын мүчөсү