

Физика жана электроника факультетинде футбол боюнча Декандын кубогу ойнотулду
08.10.2018 14:01
2018-жылдын 6-октябрында 6-оуу имаратындагы спорт залда футбол боюнча физика жана электроника факультетинин деканынын кубогу ойнотулду. Мелдештерге ар бир курстан бирден команда, мугалимдерден бир команда болуп, жалпысынан 6 команда катышты. Финалга мугалимдер менен 3-курс командалары чыгып, 3-курс студенттери женишке жетишти.
Факультет деканы Самат Токтогонов оюндар жогорку деңгээлде өткөнүн белгилеп, кубокту салтанаттуу түрдѳ 3-курс студенттерине тапшырды. Ал эми 2-орунду ээлеген мугалимдер, 3-орунду ээлеген 2-курс студенттери грамота менен сыйланышты.
Оюндун жүрүшүндө "Мыкты оюнчу", "Мыкты дарбазачы", "Мыкты чабуулчу", "Мыкты коргоочу" да аныкталып, аларга мактоо баракчалары тапшырылды.
- Бакирова Элизат - тарбия иштери боюнча декандын орун басары
- Уметалиев Султан - жаштар комитетинин мүчѳсү