Шейшемби, Апрель 22, 2025
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Геофактын 2-курс студенттери туристтик слетко катышып келишти

2018-жылдын 29-30–сентябрь күндөрү география, экология жана туризм факультетинин «Туризм» багытынын 2-курс студенттери туризм жана рекреациялык география кафедрасынын окутуучусу Кенжебек уулу Асанбектин жетекчилиги астында «Кыргызстандын жөө туризм союзу» (TUK) тарабынан уюштурулган туристтик слетко катышып келишти.

Аталган иш чара Чуй облусундагы Кегети капчыгайында 27-сентябрь Бүткүл дүйнөлүк туризм күнүнө карата уюштурулуп, жогорку окуу жайлардын туризм багытынын студенттери жана туристтик компаниялар катышты. Уюштуруучулар тарабынын ар кандай оюн зооктор уюштурулуп, ийгилик көрсөткөндөргө баалуу белектер тапшырылды. Катышуучулардын кереметтүү Көл-Төр көлүнө жетүүсү баарынан чоӊ белек болуп калды.

01

02

03

04

05

06

07

08

Кенжебек уулу Асанбек -

туризм жана рекреациялык география кафедрасынын окутуучусу