Бардык жаңылыктар
Түзүм жаңылыктары
География, экология жана туризм факультетинде “Эне тил” аттуу майрамдык концерт болду


География, экология жана туризм факультетинде “Эне тил” аттуу майрамдык концерт болду
27.09.2018 12:27
2018-жылдын 20-сентябрында география, экология жана туризм факультетинде Мамлекеттик тил күнүнө карата “Эне тил” аттуу концерттик иш-чара өткөрүлдү.
Факультеттин 1-курс студенттери тарабынан даярдалган майрамдык концерт кыргыз элинин улуу мурасы болгон “Манас” эпосунан үзүндү айтуу менен башталып, улуттук бий, патриоттук ырлар жана өздүк көркөм окуулар менен уланды.
Уюштуруучулардын айтымында, концерттик программа катышуучулардын жана эмгек жамаатынын купулуна толду.
Майрамбек уулу Касиет - тарбия иштери боюнча декандын орун басары