

Педагогика факультетининде «Тил-акылдын жарчысы» аттуу тегерек үстөл болуп өттү
27.09.2018 11:23
2018-жылдын 21-сентябрында Педагогика факультетининде Мамлекеттик тил күнүнѳ» карата «Тил-акылдын жарчысы» аттуу тегерек үстөл ѳткѳрүлдү. Иш чарага Мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиясынын маалымат катчысы Кутмырза Жакыбалиев, факультеттин профессордук-окутуучулар жамааты жана студенттери катышты.
Тегерек үстөлдү факультет деканы Рахат Сулайманова ачып, катышуучуларды Тил майрамы менен куттуктады жана тилди баалоого, аздектөөгө, ар качан жоопкерчиликтүү мамиле жасого чакырды.
Мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиянын маалымат катчысы Кутмырза Жакыбалиев тилдин баалуулугун арттыруу менен кыргыз тилинде сүйлөө зарылдыгын жаштарга баса белгиледи.
Куттуктоолордон кийин студенттер тарабынан даярдалган баяндамалар, акындардын жана студенттердин автордук ырлары көркөм окулуп, ыр-бийлер аткарылып тегерек үстөл абдан жандуу жана кызыктуу өттү.
Иш чара факультеттин филологиялык жана социологиядык-экономикалык билим берүү кафедрасынын кыргыз тили жана адабияты боюнча адистери У.Турдалиев, З.Кудайбердиева жана П.Кыдыровалар тарабынан чоң жоопкерчилик менен уюштурулуп, кафедра башчысы Канымгүл Сураналиева, кафедра мүчѳлѳрү жалпы катышышты.
Тахмина Сандыбаева - ФжСЭББ кафедрасынын окутуучусу