Шейшемби, Апрель 22, 2025
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу факультетинде Мамлекеттик тил күнү белгиленди

2018-жылдын 21-сентябрь күнү Кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу факультетинин алдындагы Гимназиянын окутуучулары менен 10-11-класс окуучулары Мамлекеттик тил күнүнө карата майрамдык иш-чара өткөрүштү.

Факультет деканы Алайбек Шамшиев жыйындын катышуучуларын кыргыз тил майрамы менен куттуктап, элди эл кылып турган анын тили, ар бир улуттун тили анын автопортрети, мамлекеттик тил – бул мамлекеттүүлүктүн ыйык символу экендигин белгиледи. Ал о.э. гимназиянын жамаатын КУУда өткөрүлгөн дубал газеталар сынагында кызыктыруучу сыйлыкка ээ болушу менен куттуктады.

Ч.Айтматовдун 90-жылдыгына арналган иш чаранын андан аркы бөлүгүндө залкар жазуучунун «Биринчи мугалим», «Ак кеме», «Кылым карытаар бир күн» чыгармаларынан, о.э. «Манас» эпосунан үзүндүлөр айтылып, сөзү Ч.Айтматовдун калемине таандык «Ысык-Көлдү сагынуу» ыры аткарылды, кыргыз бийи бийленип, комуз, чопо чоор, скрипкада ойногон трио кыргыз элдик күүсүн аткарышты. Гимназиянын окуучулары аткарган бардык чыгармалар көрүүчүлөрдүн купулуна толуп, жакшы маанай тартуулады.

Мамлекеттик тил күнүнө арналган майрамдык кече "Жаша тилим миң кылымды карытып; Он миң кылым, жүз миң доорду арыткан; Жер шарында кыргыз деген эл турсун; Нурун ичип улуу күндүн жарыктын" деген ыр саптары менен соңуна чыкты.

Бермет Бейшеналиева - факультеттин менеджери