

Педколледжде Мамлекеттик тил күнүнө арналган майрамдык иш-чара болуп өттү
24.09.2018 10:23
2018-жылдын 21-сентябрь күнү Кесиптик-педагогикалык колледжде Мамлекеттик тил күнү, о.э. кыргыз жана дүйнө адабиятынын чолпон жылдызы, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган майрамдык иш-чара болуп өттү.
Алгач, жаш манасчылар Бексултан Имашов жана Бактыяр Макулбеков Улуу “Манас” эпосунан үзүндү айтуу менен кыргыз тилинин күчтүү, көөнөргүс улуу жана кайталангыс көркүмдүккө ээ касиеттүү тил экендигин көрсөтүштү.“Манастын” артынан, Бактыяр Макулбеков жез таңдай Жеңижок акындын айтылуу “Аккан суусун” аткарып, эне тилдин эбегейсиз бай, керемет тил экендигин дагы бир жолу далилдеди.
Бактыяр Макулбеков уулу жана Бексултан Имашов
Андан кийин, иш-чаранын коногу, Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин кино жана телевидение кафедрасынын доценти, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, белгилүү режиссер Ракыя Шаршенова студенттерге улуу жазуучунун кыргыз маданиятына жана кино тармагына кошкон зор салымы тууралуу баяндама жасап, “Айтматов жана көрүүчүлөр” аттуу фильимин тартуулады.
Ракыя Шаршенова
Ошондой эле, Педагогикалык факультеттин бүтүрүүчүсү, Бишкек шаарындагы №72 мектеп-гиманзиясынын мамлекеттик тил мугалими, “Нурборбор” эл аралык чыгармачылык академиясынын мүчөсү, жаш акын, “Кереге өмүр” ыр жыйнагынын автору Адилет Зарылбек уулу “Мамлекеттик тил жана Ч. Айтматов жөнүндөгү” өзүнүн жакшы, маанилүү ой-пикири менен бөлүшүп, ырларынан окуп берди.
Адилет Зарылбек уулу
Студенттердин көркөм окуулары, обондуу ырлары жана сахналаштырылган оюндары менен иш-чара соңуна чыкты.
Адилет Самсалиев – Кесиптик-педагогикалык колледжинин окутуучусу