Дүйшөмбү, Май 20, 2024
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

М.Анарбаев. Таанылгыс болуп өзгөргөн Манас айылы

Жакында Жызак обласына барып туугандарды зыярат кылып Бакмал, Заамин, Достук райондорунда болуп кайттым. Манас айылындагы өзгөрүүлөрдү көрүп кубанып, көргөндөрүм жөнүндө ой бөлүшүүнү туура көрдүм.

Кошуна Өзбек Респуликасынын Жызак обласы Достук районундагы Манас айылы тууралуу сөз болгондо бул айылдын туптөлүү тарыхына көз чаптырып бир аз сөз учугун улабасак туура болбой калчудай. Мурдагы Совет бийлигинин доорунда Компартиянын чечими менен учурдагы Сырдаря жана Жызак областарынын чөл аймактары өздөштүрүлүп ондогон жаңы чарбалар уюштурулган. 1964-жылы азыркы Манас айылы ВЛКСМ дын 15-сьезди атындагы № 25 чи “Комсомол” совхозу деген наам менен түптөлгөн.

Көптөгөн чөл совхоздоруна анын ичинде Коссомол совхозуна да Заамин жана Бахмал райондорунда жашаган тоолук кыргыздар көчүрүлүп алып келинген. Ошол мезгилде чарбага Зааминдик Кулбеков Акмат деген кыргыз жигити дайындалган. Жетимишинчи жылдардын башында Комсомол совхозу пахта жетиштирүү боюнча Республикада эң алдынкы чарбалардын бири болгон. Мамлекетке 16000 тоннага чейин пахта жетиштирип берип турган. Бир нече жолу Союздун көчмо желегин жеңип алган. Көп жылдар боюу бул чарбаны Акмат Кулбеков, Чотбай Намазов,Байкул Кошназаров, Миңбай Эшбеков, Мардан Байзаков сыяктуу кыргыздын чыгаан жигиттери башкарып Республикадагы эң даңктуу алдынкы чарбалардын деңгээлинен түшүрушкөн жок. Пахта жетиштирүү боюнча алдынкы бригадир Гаппар Шадманов эки жолу Ленин, Эмгек Кызыл Туу жана Ардак Белгиси Ордендеринин ээси болгон. Социалистик Эмгектин Баатыры наамына көрсөтүлүп белгисиз себептер менен аны албай калган дешет.Өзбекистан Республикасы эгемендике ээ болгондон кийин Комсомол совхозунун наамы Акмат Кулбеков наамын алып 90 жылжардын ортосунда элдин каалоосу жана демилгеси менен айылга Манас атанын аты ыйгарылат. Союз ыдырагандан кийинки экономикалык көйгөйлөр Манас айылын да четтеп өткөн жок. Айылдын көчөлөрү бузулуп, турак үйлөрдүн кебетеси кетип, суу түтүктөрү бузулуп, мектеп бала бакчалар ремонттолбой, кулубтар кароосуз калып аяанычтуу аблга келип калган болчу. Жазгы жамгыр учурунда айыл ичи тизеден баткак жайкысын көз ачырбаган чаң, газ өчүп, жарык маал маалы менен берилип, эл сууну каналдан ташып ичип калышкан. Көчөлөрдө бир да жашыл бак дарак жок Манас айылы чыныгы чөл кейпин кийип калган эле.

Жалпыбызга белгилүү болгондой эле Өзбек Республикасында бийлик алмашкандан кийин малекеттеги абал түбүнөн жакшы жакты көздөй өзгөрө баштады. Өзбек Республикасынын Президенти урматтуу Мирзияев Шовкат Миромоновичтин жүргүзгөн саясатынын приаритеттүү багыттарынын бири кошуна мамлекеттер менен мамилени жакшы жолго коюу болду жана ал ыраатуу ишке ашырылып келе жатат. Элдин маанайы өзгөрдү. Президент 2018 жылдын 29 мартында өзүнүн ПФ- 5386 сандуу “Абад кыштак” деген Жардыгына кол койду. Бул долбоор толугу менен мамлекет тарабынан каржыланмай болду. Долбоорду ишке ашыруу Манас атабыздын руху колдодубу айтор 30 милиондон ашык эли, миңдеген айыл-кыштагы бар мамлекеттин ичинде Манас айылынан башталды. Кыш толугу менен чыга электе, кар аралаш ала шалбыртта Манас айылын оңдоп түзөөгө, кайра жаныртууга старт берилди.

Бул иш-чараны ишке ашыруу боюнча Республикалык штаб түзүлдү. Штабтын жетекчилигине Өзгөчө Кырдаалдар Министри, Президенттин Мамлекеттик Кеңешчиси Кудайбердиев Турсунхан Хайдарович дайындалды. Штаб өз ишин Манас айылында жүргүздү. Манас айылын жаңылоого бардык Министрликтер жана алардын областагы Башкармалары түздөн-түз тартылды. Күндүн суугуна, жаан-чачынга карабай 1000 ден ашуун жумушчу 3 сменада иштей баштады. Аларга жатакана жана 3 маал ысык тамак уюштурулду. Айыл тургундары кетмен- күрөгүн алышып аларга кошулушту. Жүзгө жакын кубатуу техникалар иштей баштады. Жыйырмадан ашык эки кабатуу 18 батирлик үйлөрдүн чатырлары, эшик терезелери,суу түтүктөру, ысыткыч системалары алмаштырылып толугу менен капиталдык ремонттон чыгарылды. Алардын бардыгына мамлекеттин эсебинен телевизор муздаткычтан тартып уй эмеректери толугу менен жаңыга алмаштырылып берилди. Айыл ичиндеги жалпы узундугу 18 км көчөлөр капиталдык ремонттолуп асфалт жаткызылды. Шагал таштар 100 км ден ташып келинди. Тратуарларга брусчаткалар төшөлдү. Арыктар тазаланын бетон латоктор коюулду. Эки көчөгө бирден жаңы трансформаторлор коюулуп, сым каргайлардын ордуна бетон столбалар отургузулду. Электр чубалгылары толугу менен жаңыга алмаштырылды. Эки мектеп,эки бала бакчасы, ФАП толугу менен ремонтолду, жаңы медициналык аппараттар коюулду. Кароосуз калган кулуб капиталдык ремонттолуп жаңы креслолор коюулду. Нан бышыруучу пекарня курулуп ишке түшүрүлду. Эки этаждуу имарат ремонттолуп кыз-келиндер үчүн тигүү цехи ачылды. Балдар ойноочу аянтчалар курулуп, көчөлөргө кечки чырактар орнотулду. Кооз фантан курулуп ишке түшүрүлдү. Бардык шарттары бар жабык кичи базар курулду. Көчөлөргө, тратуарларга карагай, арча жана башка түрдүү жашыл бак-дарктар отургузулду. Айылдын эли толугу менен медициналык кароодон өткөрүлдү. Манас айылы шаар түсүнө кирип калды. Токсон жашты каралап калган айыл аксакалы Кулчуков Арип, сексен жаштагы аксакал Миңжигитов Улук “Президентибизге элдин ыраазычылыгынын чеги жок, кудум бейиште жашап калгандай эле болдук. Көп жашасын. Кыргызыстандагы туугандарга барып келүүбүз да абдан оңой-олтоң эле болуп калды. Ташкент-Бишкек машруту кайра жаңыртылып жаңы заманбап ыңгайлуу автобустар каттап жатат.Чекарадан өтүү өтө ыңгайлуу болуп калды. Мурдакыдай жүздөгөн кишилердин арасында сегылып кыйналып турмай жок,өзүнчө жолдон өтөбүз. Ылайым Президентибиз элдин батасы менен аман-соо болуп, эл башкарган ишин жараткан Алла ар дайым колдоп жүрсүн” дешти. Чындап эле журт башчысынын жеке көзөмөлүндө турган бул иш-чара 45 күндүк кыска мөөнөттө ишке ашырылды.

Эми бул долбоор ар бир областа кезеги менген жүргүзүлүп жатыптыр. Манас айылы Өзбекистандын 10 обласын аралап өтүп андан ары Туркмөн ,Авган, Иран мамлекеттерин көздөй кеткен канжолдун боюунда жайгашкандыктан, жолдон атайын бурулуп келип Президенттин назары түшкөн айылды зыярат кылып кетүүчүлөрдүн аягы суюула элек. Биз эмне демекбиз жалпы элдин ыраазычылыгына ээ болгон Президенттин сапары байсалдуу болсун.

Жызак-Бишкек

* * *

photo

Мирсаид Анарбаев - Ж.Баласагын атындагы КУУнун доценти