Бардык жаңылыктар
Түзүм жаңылыктары
Кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу факультетинде чоң ишембилик өткөрүлдү


Кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу факультетинде чоң ишембилик өткөрүлдү
15.09.2018 13:41
2018-жылдын 15-сентябрь күнү Кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу факультетинде чоң ишембилик өткөрүлдү. Факультеттин жалпы жамааты, гимназиянын окутуучулары жана окуучулары окуу имаратынын ичин, сыртын тазалап, оңдоо-түзөө иштерин жүргүзүштү.
Бул иш-чара Исхак Раззаковдун "Мен таза болсом, сен таза болсон, коом да таза болот!“ деген ураанынын астында өткөрүлдү. Себеби, жаш муундун жашаган жери гана эмес, окуган окуу жайына да жакшы мамиле жасоого үгүттөгөнгө аракет, о.э. эмгекке болгон мамилени өркүндөтүү.
Бермет Бейшеналиева - факультеттин менеджери