Дүйшөмбү, Май 20, 2024
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

М.Анарбаевю Эки элдин данакери эле

Эки элдин данакери эле

Мындан туура 30 жыл мурда 1988-жылы декабр айында Кыргыз ССР Илимдер академиясы, Кыргыз ССРи Билим берүү Министрлиги, СССРдин 50-жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университети жана Жазуучулар, Журналистер, Киноматографистер Союздары тарабынан Улуу жазуучу Чынгыз Айтматовдун 60-жылдык маарекесине арнап “Чынгыз Айтматов жана учурдагы руханий маданият” деген темада  Республикалык илимий-теориялык конференция өткөрүлгөн.

Уюуштуруу комитетенин чакыруусу аркылуу мен ал конференцияда “Өзбекистандык кыргыздардын руханий жашоосунда Чынгыз Айтматовдун чыгармалары” деген темада доклад жасагам. Доклад пленардык жыйында угулду. Аягында  конференция катышуучуларына боордоштордун салам дубасын жеткиргем. Ошону менен бирге алардын комуз күүлөрүн унутуп баратышканын, кыргызча китеп, гезит окубай калышканын, тарыхый Ата Мекен менен маданий байланышы  жокко эсе экенин белгилегем. Кыргызстандын  Кытайда, Ооганда, Тажикистанда, Түркияда жашаган кыргыздар менен маданий байланыштары жакшы жолго коюулганы  менен өзбекистандык кыргыздар унутта калып жатканын, абал ушундай улана берсе Өзбекистанда жашаган  бир миллионго чукул кыргыздар  жакынкы клечекте өз  эне тилибизден  кол жууп калышыбыз мүмкун экени тууралуу  таарынчымды да айткам.

Тилекке каршы Чынгыз  Айтматовдун 60 жылдыгына арналып өткөрүгөн ошол илимий-практикалык конеренцияга жазуучунун өзү катыша алган жок. Анын себеби Испанияда Ысык–Көл Форумунун кезектеги жыйынын өткөрүп келген  Чынгыз ага бир аз тумоолоп калган экен. Бирок конференцияга биздин келгенибизди жазуучулар Камбаралы Бобулов жана Казат  Акматовтордон угуптур. Улуу жазуучу кийинки күнү бизди кабыл алып биз менен бир саат бою  кенен баарлашты. Көйгөйлөрдүн бардыгын ынтаа коюп укту. Келечекте бул маселелердин чечилерин айтып, бир тууган өзбек эли менен ынтымакта жакшы карым катнашта жашагыла деп өз кеп-кеңештерин айтты. Акырында китептерине кол тамгасын жазып бизге белек кылды. Элге салам дуба жолдоду.

Ошондон кийин арадан көп узабай эле Кыргыз ССРнинин мамлекеттик басма сөз камететинин төрагасы Барпы Ырыспаев жетектеген мамлекеттик делегация Өзбекистанда жашаган кыргыздардын абалынан кабар алыш үчүн атайын кызмат сапары менен  ал жакка барды. Кийин уксак коференция учурунда биз тараптан айтылган сөздөр Айтматовдун маалыматына  жеткирилип, Өзбекистанга Кыргызстандын маданий делегациясынын жөнөтүлүшүнө ал кишинин салымы болгон экен. Делегациянын курамында жазуучулар  Камбаралы Бобулов, Сагын Наматбаев, билим берүү министирлигин орун басары болуп төрт беш киши  экен. Делегацияны Өзбек ССРи мамлекеттик басма сөз камитетинин төрагасы Н.Стрижнёв, жазуучу Нуралы Кабул коштоп жүрүшүптүр. Алар а дегенде Ташкент областынын кыргыздар жашаган райондорунда болушуп Жызак обласынын Достук районундагы Манас айылына келишти.

01

Меймандарды областык жоон топ атка минерлери тосуп алышты. Айылдык кулубка эл батпай, жолугушуу чоң бактын ичинде болду. Эл менен баарлашуу өтө жакшы маанайда өттү. Бирок эл жергиликтүү атка минерлерден бир аз корунгандай болуп көйгөйлөр толугу менен айтылбай калды. Делегациянын андан аркы сапары Замин районун көздөй улантылды.Түш ооп Жети-Кечүүдөгү М. Лермонтов атындагы кыргыз орто мектебине жетип келишти. Аталган  мектептин директору өзбек киши экен. Мектептин абалы коноктордун зээнин кейитти. Бул абалды көрүп раматылык Камбаралы Бобулов бул мектеп Ч.Айтматовдун “Биринчи мугалимдеги “Дүйшөндүн мектебинен көп деле айырмаланбайт экен. Эгер мүмкүнчүлүк болсо бизге өзбек тилдүү мектептерден бир экөөнү көрсөтсөңүздөр” деп сөзүн улады. Бирок, күн кеч болгондугуна байланыштуу башка мектептерге барыша  алган жок. Бирок кызыгы жергиликтүү бийлик ээлери түнү бою областык базадан жаңы парталарды алдырып  мектептеги  эски парталардын ордуна койдуруп коюушуптур. Мен муну  улуу Айтматовдун аты аталгандан деп билдим.

Андан ары делегация мүчөлөрү Бакмал районунун Муз-Булак айылындагы Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектепте болушту. Мугалимдер жамааты, айыл тургундары жана окуучулар аларды көпкө кармашты. Жолугушуу абдан жогорку маанайда кызыктуу өттү. Ошентип мамлекеттик делегация мүчөлөрү өздөрүнүн Өзбекстандагы этникалык кыргыздыр жөнүндөгү ой–пикирлери менен сунуштарын бир тууган эки мамлекеттин жетекчилигине жеткиришти.

02

Улуу жазуучу Ч. Айтматовдун түздөн-түз кийлигишүүсү менен 1992-93 ж. баштап кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министирлиги тарабынан Өзбекистанда жашаган кыргыз жаштарына жогорку окуу жайларынан 30 бюджеттик орун бөлүп бериле баштады. Окууга кабыл алуу сынактары Өзбек Республикасынын Билим берүү министрлиги тарабынан жыл сайын Ташкент, Андижан, жана Жызак шаарларындагы жогорку окуу жайларында өткөрүлүп турду. Учурда ал сынактар Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министирлиги тарабынан Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайларында өткөрүлүп келет.

Андан бери бир топ мезгил өттү. Бул арада  өзбекистандык жүздөгөн кыргыз жаштары жогорку билимге, кесипке ээ болушуп түрдүү тармактарда эмгектенип жатышат. 1993- ж.дан тарта Өзбек теле–радиосунан жумасына бир жолу бир сааттык кыргыз тилинди көрсөтүүлөр жана уктуруулар берилип келет. Кыргыз мектептери үчүн окуу куралдары кыргыз тилине которулуп басыла баштады.

Улуу жазуучу Өзбекистанга көп эле жолу барып өлкө жетекчилери менен, адабий чөйрөдөгү чыгармачыл инсандар менен жолугуп турган. 1995 ж. декабрь айында Өзбекистанга болгон кезектеги сапары  учурунда аны Ташкент - Самарканд автожолунун Достук районуна кире беришде, жол боюундагы Манас айылынын тургундары тосуп алышкан. Тилекке каршы мен анда  Израил мамлекетинде стажировкада жүргөндүктөн ал жолугушууга катыша албган жокмун. Жубайым, тарых мугалими Сулайманова Жийдеайым онунчу класта окуган уулум Марселди эрчитип Чикемдин китептерин алышып, дүрбөгөн элге кошулуп жолугушууга барат. Бирок элдин көптүгүнөн ал кишиге жакын барып китептерине кол кат алууга мүмкүнчүлүк болбойт. Жазуучу  эл менен бир аз баарлашкандан кийин Жызак шаарына  жөнөп кетет.  Ч.Айтматовко жолугуп кол кат алам деген жубайым такси жалдап  Жызакты көздөй жөнөйт. Улуу жазуучу менен жолугушуу үчүн областын бардык райондорунан элдер автобустарда ташылып келинген экен. Милициялар тосуп байкуш жубайым ал жерге да кире албай шаабайы сууп үйгө түн ичинде  келет. “Ошондо сенин болбогонуңдан ушундай болду деп” ал алиге чейин кейип келет.

Чынгыз Айтматовдун чыгармаларын өзбек окурмандары сүйүп окушат. “Жамила”, “Кызыл жолук жал–жалым”, “Бетме – бет”, “Жаныбарым Гүлсары”, “Биринчи мугалим”, “Бото көз” сыяктуу чыгармалары 60 ж. аягынын баштап эле өзбек жазуучусу Асил Ршидов тарабынан орусчадан өзбекчеге которулуп ал чгармалар адегенде “Шарк Юлдузи” (“Чыгыш жылдызы”) адабий журналына басылып андан кийин көп узабай эле өзүнчө китеп болуп басмадан чыгарылып келет.  Мен теңдүүлөр ошол чыгармаларды окуп тарбияландык жана эрезеге жеттик.

Ч.Айтматов улут дегенде, тектеш түрк тилдүү элдер жана алардын биримдиги дегенде өз ойун ар дайым ачык айтып келген. Ага мисал катары өз мезгилинде СССРдин Башкы прокуратурасы тарабынан козголгон “Өзбек Иши” деген ишине байланыштуу өзбек элин колдоп “Известия” газетасына жазган көлөмдү макаласын жана 1990-жылы Ошто эки бир тууган элдин ортосунда  чыккан чыр-чатактан улам чыккан оор  көйгөйлөрдү чечүүдө өзбек элинин беделдүү ак сакал жазуучулары Одил Якубов, Пиримкул Кадировтор менен бир нече жолу Ошко барып эл менен учурашып, калыс сөздөрүн айтышып, эки  элди ынымакка чакырганын айтса болот. Улуу жазуучунун Өзбекистанда жашап жаткан этникалык кыргыздардын улут катары сакталып калышына кошкон салымы абдан чоң. Улуу инсан Чынгыз Айтматовдун жаркын элеси өзбекистандык кыргыздаодын жүрөгүндө  түбөлүккө сакталып кала берет.

* * *

photo

Мирсаид Анарбаев - Ж.Баласагын атындагы КУУнун доценти