Жекшемби, Май 19, 2024
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Окумуштуулар кеңешинин 15.05.2018 отуруму

00

2018-жылдын 15-май күнү Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Аталган кеңештин төрагасы, КУУнун ректору_Канат Садыков_алып барган жыйында келерки окуу жылына студенттерди кабыл алууга даярдык, окуу-методикалык кеңештин быйылкы окуу жылында аткарган иштеринин жыйынтыгы жана башка маселелер каралды.

Жыйындын башында окумуштуу катчы Гүлзыйнат Аркабаева норвегиялык профессор Эйлив Стайнис мырзага "КУУнун ардактуу профессору" наамын ыйгаруу тууралуу Окумуштуулар кеңешинин чечимин окуп, ректор Канат Садыков наам ээсине "Ардактуу профессордун" аттестатын тапшырып, мантиясын кийгизди.

Күн тартибиндеги 1-маселе боюнча кабыл алуу комиссиясынын төрагасы Байтик Бузурманкулов чыгып сүйлөп, келерки окуу жылына кабыл алуу боюнча жасалып аткан иштер жөнүндө айтып берди.

Окуу-методикалык кеңештин 2017-2018 - окуу жылында аткарган иштеринин жыйынтыгы тууралуу окуу иштери боюнча проректор Урмат Аманалиев баяндама жасады.

Окумуштуулар кеңешинин жүрүшүндө о.э.

  • Физиканы жана табият таанууну окутуунун технологиясы кафедрасынын башчысы Эсенбек Мамбетакуновду "Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер" наамына көрсөтүү (баяндамачы - ФжЭ факультетинин деканы Самат Токтогонов)
  • Математика жана информатика факультетинин профессору Таалайбек Омуровду "Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер" наамына көрсөтүү (баяндамачы - МжИ факультетинин деканы Бекжан Темиров)
  • Докторлук диссертациянын темасын өзгөртүү (баяндамачы - илимий иштер боюнча проректор Асылбек Чекеев)
  • "КУУнун студенттерин социалдык жактан колдоо жөнүндө" Жобого" өзгөртүү киргизүү (баяндамачы - мамлекеттик тил боюнча проректор Садык Тиллебаев)
  • Тил үйрөнүү борборунун айлык акысын көтөрүү (баяндамачы - мамлекеттик тил боюнча проректор Садык Тиллебаев)
  • Контракттык негизде окуган айрым студенттерге жеңилдик берүү (баяндамачы - административдик жана чарба иштери боюнча проректор Туратбек Суранаев)
  • 2018-2019-окуу жылындагы тарифтик саясат жөнүндө (баяндамачы - пландоо-каржылык бөлүмдүн башчысы Гүлназ Мысакулова)
  • "Кытай тилин окутуунун методикасы" кафедрасынын аталышын "Кытай тили жана адабияты" кафедрасына өзгөртүү (баяндамачы - кыргыз-кытай факультетинин деканы Софья Апаева)
  • Кесиптик колледжди түзүү, окуу куралын чыгарууга сунуштоо жана "Студенттерди кредиттик система боюнча окутуу жөнүндө" жобону кайра бекитүү  (баяндамачы - окуу иштери боюнча проректор Урмат Аманалиев) 

маселелери каралып, тиешелүү чечимдер кабыл алынды.

press knu 2018 000