

Матфактын студенттери ар дайым таза шаар үчүн
17.05.2018 15:49
Математика жана информатика факультетинин студенттери «Мен - таза шаар үчүн» деген демилге менен шаарыбыздын тазалыгы үчүн өз салымдарын кошууда. Бул акция май айынын аягына чейин уланмакчы.
Студенттер факультеттик деңгээлде кафедраларды, компьютердик класстарды, аудиторияларды, ал эми университеттик деңгээлде Абдымомунов жана Үмөталиев көчөлөрүнүн кесилишин тазалашты.
Ал эми апрель айында Чүй өрөөнүндөгү Бурана комплексине жана 9-майда «Ала-Арча» паркына болгон жүрүшүбүздө жөн гана экскурсия менен чектелбестен, ал жердин айлана-чөйрөсүн да тазалыкка келтирүүиш-чаралары жүргүзүлдү.
Мындай иш-чараларды жүргүзүү үчүн дайыма Исхак Раззаковдун «Сен таза болсоң, мен таза болсом, коом да таза болот» деп айткан сөзүн эске алсак, өлкөбүздүн өнүгүшүнө салым кошууда туура багыт алабыз.
Рахманкулов Бахтияр - тарбия иштери боюнча декандын орун басары