

Физфактын студенттеринин ийгилиги
16.05.2018 16:25
Физика жана электроника факультетинин студенттери доцент Шаршенбек Жусупкелдиевдин жетекчилиги астында «TECH and SCIENCE FEST» аттуу фестивалга катышып, ийгилик жаратуу менен бирге сертификатка ээ болушту.
Алар: факультеттин инженери Галдыбаев Белек, аспиранты Жолдошбеков Нурсултан, 2-курс студенттери Сааданбеков Сардарбек, Түмөнов Медер, Өмүров Нурбек, Илимбек уулу Бакай, Батыркулов Нуртилек жана 1-курс студенти Аманбай уулу Рысбай.
Урматтуу кесиптештер жана студенттер!\
Кыргызстанда инновациялык жаңы технологияларды өнүктүрүү максатында иштеп жаткан ишиңиздер ийгиликтүү болсун! Илим жаатындагы дагы көптөгөн жетишкендиктерди багынта беришиңерге тилектешпиз!
Бакирова Элизат - тарбия иштери боюнча декандын орун басары