

КУУнун студенттери "Марал" радиосунун «Универ шоу» программасында 2-орунду ээлешти
14.05.2018 14:24
2018-жылдын 11-майында "Марал" радиосунда «Универ Шоу» программасынынын супер финалы болуп, сынакта КУУнун студенттери 2-орунду ээлешти. 1-орун Бейшеналиева атындагы КММжИУ, ал эми 2-орун И.Раззаков атындагы КМТУнун студенттерине ыйгарылды.
Белгилей кетсек, жарым жылдан бери болуп жаткан мелдештин 1-турунда КУУнун командасы Эл аралык Ала-Тоо университетин, жарым финалда М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетин, финалда К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетин жеңип, супер финалга жолдомо алышкан.
КУУнун намысын коргогон студенттер:
1-турда: Асанбеков Атайбек - география экология жана туризм факультетинен, Шакирова Элнура - кыргыз филологиясы факультетинен, Толубай уулу Кудайберген - чет тилдер факультетинен.
Жарым финалда: Асанбеков Атайбек, Шакирова Элнура, Кубанычбекова Айгерим - кыргыз филологиясы факультетинен.
Финалда: Асанбеков Атайбек, Шакирова Элнура, Имашев Бексултан - кыргыз филологиясы факультети
Супер финалда: Асанбеков Атайбек, Шакирова Элнура, Имашев Бексултан.
Асанбеков Атайбек - КУУнун студенттик сенатынын президенти