Бардык жаңылыктар
Түзүм жаңылыктары
КУУда чет өлкөлүк студенттер жолугушту


КУУда чет өлкөлүк студенттер жолугушту
03.05.2018 16:47
2018-жылдын 28-апрель күнү КУУда “Конок студенттер менен бир элбиз” аттуу Кыргызстанда окуп жаткан чет элдик студенттердин жолугушуусу болуп өттү. Эл аралык студенттер ассоциациялары федерациясы (UDEF), “Медиа жана Маданият” коомдук бирикмеси жана “Инсандык Өнүгүү”студенттик клубу тарабынан уюштурулган иш чарага КУУ, БГУ, КЭАУ, КТМУ ж.б. университеттерде окуп жүргөн 15 тен ашуун чет өлкөлүк студенттер катышты.
Алар өздөрүнүн өлкөсүнүн маданияты менен тааныштырып, Кыргызстан тууралуу ойлорун айтышты. Жолугушуу жогорку деңгээлде өтүп, уюштуруучулар Бишкек шаары боюнча экскурсия уюштуруп беришти.
Асанбеков Атайбек - КУУнун студенттик сенатынын президенти