Дүйшөмбү, Май 20, 2024
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Б.Мырзатаева: "Урпакка ураан болгон улуу жеңиш"

9-май – ыйык майрам! Ааламды дүр дегизе силкиндирген экинчи дүйнөлүк согуштун касырети менен Улуу Жеништин касиетин, баатыр аталарыбыз менен апаларыбыздын эрдиктерин эч ким, эч качан унутпайт. Жеңиш жеңил эле келе калган жок. Дал ушул күнү да канчалаган азаматтар каза таап, кайгы менен кубанычтын катар келген күнү болгон. Бул маареке ааламды тынчтыкка бөлөгөн бейпилдик менен ынтымак ар дайым бийик турарын, баары бир жеңишке жете тургандыгын далилдеди.  

Жетимиш үчүнчү ирет Жеңиш туусун желбиреткен күнгө карата салтка айланган саамалык  университетибизде салтанаттуу түрдө белгиленди. Элибиздин бейпилдиги үчүн, Мекендин тынчтыгы үчүн курман болгон эр-азаматтарга урмат көрсөтүү, ата-бабаларыбыздын эрдиктерин эске салуу,  өсүп келаткан муунду патриоттук сезимге, сыймыктуу өмүр салтына тарбиялоо, адамгерчиликтин баалуулугун  сездирүү бул иш-чаранын негизги максаттарынан болду. Кан майданда   эрдик менен каза тапкан жоокерлерге, ооруктагы оор жүктү моюндаган ошондогу кары-жаштарга кандай урмат көрсөтсөк да жарашат. Анткени мекенди коргоого аттанган ар бир азамат бүгүнкү жаркын келечек менен ачык асман үчүн өмүрүн арнады.

Иш-чараны уюштурган ректорубуз Канат Садыков жана бириккен профсоюз комитетинин төрагасы Кубанычбек Жумабеков ардактуу ардагерлерибиздин кайратман эрдиктеринин натыйжасында гана  жеңишке жеткендигибизди эскерип, куттуктоо сөздөрүн айтышты.

“Урматтуу ардагерлерибиз, сиздер менен ар дайым сыймыктанып, сиздердин бекем эркиңиздерге баш ийип таазим кылабыз. Бүгүнкү майрамыңыздар куттуу болсун!  Жеңиш жылына 73 жыл толуп, бул бир адамдын тагдырына тете өмүр болуп отурат. Бул мезгил аралыгында бүтүндөй биздин ата-энелерибиз чеккен азап-кайгы  арбын эле болду. Мейли согушта, мейли тылда болсун Улуу Жеңишке салым кошкон аталарыбыз, апаларыбызга ыраазычылыгыбызды айтабыз.

Жыл өткөн сайын катарыбыз азайып баратат. Университетибизде иштеген, жеңишке салымын кошкон ардагерибиз Петр Никифорович Чесноков бир жыл мурун эле арабызда эле... Азыр да ден соолугуна байланыштуу келе албай калган аталарыбыздын акыбалын сурап, куттуктап коюну парзыбыз деп билебиз. Кандай болгон күндө да согуш тууралуу эскерүүбүз жүрөктөн өчпөйт. Жалпы согуштун чыгыш себептерин да жаштарга туура түшүндүрүп, жеткиришибиз керек. Сиздердин жаштарга жолугуп, от күйгөн согуштун  оор күндөрүндөгү орду толгус жоготуулар, тыным билбеген түйшүктүү жылдар жөнүндө эскерип, айтып берчү күнүңүздөр узак болушун тилейбиз! Сиздерге бекем ден соолук, дөөлөттүү  узун өмүр каалайбыз, башыбызды ийип,терең таазим этебиз! - деп сөзүн аяктады, алгач сөз алган ректорубуз Канат Садыков.

“Урматтуу согуш жылдарындагы тылдын  эмгекчилери, иш-чаранын коноктору, бүгүнкү майрамыңыздар менен куттуктайбыз! Бул деген ушул күнү гана эстеп коюу эмес, ушул тынчтык заманга алып келген тыным билбес түйшүктүү жылдарыңыздардын аркасында биздин муун бүгүнкүдөй бейпил турмуш менен камсыз болуп отурганынын эч качан унутпай, жаштарга жеткирүү негизги милдетибиз болуп саналат! Сиздерди  чакырып куттуктоо үчүн ректордун буйругу менен сыйлоо, материалдык жардам көрсөтүү жагын да караганбыз, андан сырткары бизде иштеп, “апрель курмандыгы” болгон кесиптешибиз Мырзабек Жумаевдин жубайын кызы менен кошо чакырганбыз,  сиздердин күжүрмөн эмгегиңиздерге, кажыбас кайратыңыздарга таазим этебиз, аман болуп арабызда узак жашаңыздар!” –деп сөзүн жыйынтыктаган Профсоюз уюмунун төрагасы Кубанычбек Жумабеков ардагерлерге акчалай сыйлыктарын жана гүлдөрүн тапшырышты.

Кан майдандагы ок менен оттун арасынан аман калып, туулган жерге таманы тийген Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин катары жыл санап азайып баратат. Алардын арасында университетибизде иштеп эс алууга чыккан Л.Тузов жана М.Балтабаев аталарыбыз ден-соолуктарына байланыштуу келе алышкан жок. Салтанатка катышкан С.Узбеков, Ш.Керимбаев, А.Бугубаев аталарыбыздын  төштөрүндө орден-медалдар  жаркыраганы менен каргашалуу согуштун каарын көргөн жаштыгын, каны-жанынан жаралган Жеңиш күнүн эскертип, жаштарга согуштун кандай сүрдүү экендигин сездирип тургандай туюлду. Алардын  атынан чыгып сүйлөгөн Узбеков Сатар атабыз куттуктоо аземин уюштурган жетекчиликке ыраазычылыгын билдирди. Университетте иштеген учурларын сыймыктануу менен эскерип, жалпы жамаатка, жаштарга ийгилик каалады.  

“Кыргызстан” банкынын директору Өмүрова Салтанат Кайыровна ардагерлерди куттуктап, демилгечи катары ар бир ардагерге керектүү азыктар толтурулган баштыкчаларды тапшырды.

Андан соң чакан концерттик программа тартууланды. Студенттер “Жеңиш күнү”, “Катюша” деген ырларды жаңырта ырдашты. Ким билет, балким ардагерлердин жан-дүйнөсүн  бул ыр бурганактуу дүрбөлөңгө салгандыр, а балким эң жакын адамдарын эске салып, сагынычтын ысык жашына муунткандыр, а балким Жеңишти алып келген сыймыктуу күндөрүнө шүгүр кылып отурушкандыр...

Иш-чаранын ортосунда Профсоюздар уюмунун төрагасынын орун басары Иванов Владимир Константинович катышуучуларды Жеңиш күнү менен куттуктады жана “Өчпөс отко” атайын даярдалган гүлчамбар коюларын, келе албаган ардагерлерибиздин үйлөрүнө барып белектер берилип, сыйлыктар тапшырыларын эскертип өттү.Улуу Ата Мекендик согуштагы жоокерлердин кан кечкен жолун, оор жоготууларды,ооруктагылардын көз жаштарын эскерип, алардын элестерине баш ийип, таазим этилди.  

Биз турмушка аталардан кеч келип,

Тээ батышта согуш отун кечпедик.

А аталар, төрөлө элек биз үчүн,

Кала берди танка алдында тепселип…

Ооба, ушул күнү дилибизде жаңырып турган бул ыр кимдерди ыйлатпады дейсиз?! Денени дүркүрөткөн, жүрөктөн өзөккө өткөн бул саптар - кыйылган өмүрлөргө түбөлүк коюлган гүлдесте-ырдай сезилет.

Урпактарга ураан болчу Улуу Жеңиш  улам жыл арылаган сайын жаш муундардын жадында унутулбай түбөлүк сакталууга тийиш!

myrzataeva

Бакыт Мырзатаева -  “Улуттук университет” гезитинин баш редактору