Жекшемби, Апрель 27, 2025
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Физика жана электроника факультетинин студенттери Балдар үйүнө жардам беришти

2018-жылдын 28-апрелинде физика жана электроника факультетинин студенттери тарбия иштери боюнча декандын орун басары Бакирова Э.М. жана куратор Исмаилова Г. Д. менен биргеликте Бишкектин Ахунбаев менен Белоруссия көчөсүндө жайгашкан Балдар үйүнө барып, ал жердеги ата-энеси таштап кеткен, аң сезими жетишпеген 1 жаштан 4 жашка чейинки балдар-кыздарга керектүү буюмдарды жана таттууларды берип, тазалоо, актоо жана сырдоо жумуштарын аткарып, Балдар үйүнө жардам берип келишти. Аталган мекеменин жетекчиси КУУнун студенттерине өзүнүн ыраазычылыгын билдирип, ушундай колдоо керек экендигин белгиледи.

Белгилей кетсек, мындан 2 күн мурда факультет студенттери аталган мекеменин абалы менен таанышып келишип, 27-апрель күнү, деканат менен кеңешип, кайрымдуулукка кайдыгер карабаган мугалимдерден жана студенттерден акча чогултушту. Түшкөн каражатка балдарга керектүү буюмдарды жана таттууларды алышкан. 

01

02

03

04

05

06

07

Бакирова Э. М – тарбия иштери боюнча декандын орун басары