Ишемби, Апрель 26, 2025
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

МжИТ факультетинде заманбап маалымат технологиялары боюнча жождор аралык студенттик конференция өткөрүлдү

2018-жылдын 25-апрель күнү Маалыматтык жана инновациялык технологиялар факультетинин «Информатика жана эсептөөчү техника кафедрасы тарабынан башкы имараттагы 144-аудиторияда жогорку окуу жайлар аралык “Заманбап маалымат технологиялары жана IT билим берүү” аттуу студенттик илимий-практикалык конференция өткөрүлдү.

Студенттердин жана магистранттардын илимге кызыгуусун арттыруу максатында уюштурулган иш чараны илим бөлүмүнүн башчысы Касымова Тумар жана факультет деканы  Какишов Жылдызбек куттуктоо сөзү менен ачышты.

Факультеттин мугалимдер жамааты, студенттери менен магистранттары катышкан жыйында И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин, Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын жана Кыргыз-Орус билим берүү академиясынын 2,3,4 курс студенттери кызыктуу докладдарды жасашты.  

Белгилеп кетчү нерсе, мындай конференцияны факультет жыл сайын өткөзүп келет. 

02

03

04

05

06

press knu 2018 000