Жекшемби, Апрель 27, 2025
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинин студенттери инвестициялык проектилерди сунуш кылышты

2018-жылдын 24-апрелинде Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинде "Экономиканы мамлекеттик жөнгө салуу" кафедрасынын доценти Мамбетова А.А. жана ага окутуучу Кадыр уулу Алмаз инвестициялык проект жазуу темасында ачык сабак өтүштү.

Сабак учурунда студенттер  6 группага бөлүнүп, инвестициялык проектилерин презентация кылышты. Проекттер негизинен социалдык  багытта болгондуктан, студенттер арасында кызыгууну жаратты. 

Ачык сабака катышкан "Экономиканы мамлекеттик жөнгө салуу" кафедрасынын башчысы профессор Искаков И.И., аталган кафедранын ага окутуучусу Акунова А.М, "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат" кафедрасынын башчысы доцент Нурматова Г.А. жана башкалар студенттер тарабынан көрсөтүлгөн проектилер жашоодогу көйгөйлүү маселелерди чечүүгө жол ачып, Кыргызстандын экономикасын көтөрүүгө салымын кошоорун баса белгилешти.

01

02

03

05


06

07

08

09


Кадыр уулу Алмаз - тарбия иштери боюнча декандын орун басары