Шейшемби, Апрель 22, 2025
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Математика жана информатика факультетинде мини-футбол боюнча турнир өткөрүлдү

2018-жылдын 20-апрелинде №6-окуу имаратындагы спорт залда математика жана информатика факультетинин деканынын кубогун жеңип алуу үчүн мини-футбол боюнча турнир өткөрүлдү. Мелдешке факультеттин студенттеринен түзүлгөн 6 команда катышты.

Аталган спорттун түрү боюнча КУУнун факультеттер арасында өткөрүлүүчү турнирге катышуучу факультеттин курама командасына мыкты футболчуларды тандоо максатында өткөрүлгөн бул иш-чараны КМИжКТ кафедрасынын ага окутуучусу Жүндүбаев Азим жана студенттик кеңештин төрагасы Турганбаев Бексултан уюштурушту.

Турнир аябай кызыктуу өтүп, жеңүүчү командаларды факультеттин деканы Темиров Бекжан кубок жана дипломдор менен сыйлады.

Белгилеп кетчү нерсе - мелдештин башынан аягына чейин спорт залда Кыргызстандын Мамлекеттик туусу жана факультеттин желеги желбиреп турду. Бул - факультет студенттеринин Мекенге болгон сүйүүсү күчтүү экенин көрсөтүп турат.

01

02

03

04

Асылбеков Кемел – старосталар кеңешинин төрагасы