Жекшемби, Апрель 27, 2025
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Журналистика факультетинде видеороликтер сынагынын жыйынтыгы чыгарылды

2018-жылдын 18-апрелинде башкы имараттагы кичи жыйындар залында журналистика факультети тарабынан уюштурулган “Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында уюштурулган улуттук спортту даназалоо” аттуу жарнамалык роликтер, PR материалдар жана телесюжеттер боюнча атайын сынактын жыйынтыгы чыгарылды.

Иш чараны факультет деканы Айна Дуйшекеева ачып, Дүйнөлүк көчмөндөр  оюндарынын катчылыгынын  басма  сөз адиси Бегайым Чокоевага сөз берди. Ал өз учурунда ар бир катышуучуга ийгилик каалады.

Катышуучулардын видеороликтери көрсөтүлгөн соң, калыстар мүчөлөрү кеңешип, жеңүүчүлөрдү аныкташты.

  • 1-даражадагы диплом: ЖК-1-16 группасынын студенттери Тойчубекова Айзада, Учурбекова Адина, Камчыбек кызы Бегай (“Кыргыз көчү жолун улайт” аталышындагы видеоролик)
  • 2-даражадагы диплом: ЖК-1-16 группасынын студенттери Каныбекова Нуриза, Тияншанова Кулпунай, Эркебек кызы Алмагүл (“Көк бөрү оюндары” аталышындагы видеоролик)
  • 3-даражадагы диплом: ЖК-2-16 группасынын студенттери: Убайдиллаева Айжан, Нурлан кызы Диана (“Кыргыз көчмөн элдеринин жашоосу” аталышындагы видеоролик).

Сынакка катышкан калган студенттерге ыраазычылык кат берилди. Алар: Кадырбек кызы Жанылай, Болотбек кызы Жаныл, Бактыбекова Автандил, Жекшенов Адилет, Иманмадыева Сезим, Алмеизова Үмүт, Абдылдаева Мира.

Жылдыз Туратбекова - факультеттин менеджери